Чагылган: Бишкек шаарынын Биринчи май райондук РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын 25 жаштагы улук лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбековичтин киши колду болуп каза тапканы маалым болду.  Аны түндө белгисиз аадмдар бычактап кетишкенин Бишкек ШИИБдин басма сөзү билдирди. Маалыматта Уларбек каза табардан бир күн мурун өзү тергөөдө карап жаткан материалдарын жана куралын тапшырып,  үйлөнүү үчүн эмгек өргүүгө чыгуу боюнча рапорт жазгандыгы айтылат. Анын сөөгү эртең Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы өзү туулган Масы айылына коюлат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here