Кыргыз өлкөсүнүн атынан «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына катыша турган Бегимай Карыбекова сынакка барган жок. Анткени  кытайга баруу үчүн виза берилбей калгандыгы себеп болгон.

Бул тууралуу сулуу интернеттеги жеке баракчасына жарыялады.
«Көпчүлүк мени менен кошо тынчсызданып жатышты. Мага да виза алып, сынакка катышамбы деген суроо абдан кызык болду. Тилекке каршы биз жооп күтүп жатканда «Дүйнө сулуусу» сынагы башталып калды. Дайыма мени менен кошо тынчсызданып жана мени колдогон адамдарга,  жалпыга маалымдоо каражаттарына, Президенттин аппаратына, вице премьер министр Чолпон Султанбековага ыраазычылык билдирем. Кайгырып жатам, бирок бул абал мага күчтүү болууга түрткү берет», — деди ал.

Айта кетсек, Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн бийкечтер катышат. Сынак 20-октябрда башталган, ал 19-ноябрга чейин уланат.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here