Баткендин Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапар Бөрүбаев деген эпчил жигит бул президенттик шайлоодо жердиги баткендик талапкер Улукбек Кочкоровдон 500 миң сом, талапкер Өмүрбек Бабановдон 5 миң доллар алганы айтылууда. Ал мурун Бабановдун ишенимдүү кишиси болуп жүрчү экен. Ал ортодо жердеши Кочкоровдун да короосуна кирип кетип, анын “жемин” жакшы эле жептир.  Мындан тышкары, КСДПнын талапкерине да үгүт кылып, ал жактан да пайда көргөнү айтылууда.  Айылдык төрага амал менен ошончо талапкерден, айрыкча Кочкоров менен Бабановдун акчасын жакшы эле шыпырганы менен аларга өз айылынан кыйраткан деле добуш алып бербептир. Жыйынтыгында бул спикер Бабановго 5 миң долларга Катраң айылынан  34 гана добуш алып берген. Ошондо Өмүкең бул айылдан  34 добушту 5 миң долларга баалап, сатып алган болуп калып жатпайбы. Мына сага, эбин тапкан эки жейт деген ушул эмеспи. Анткен менен бул айыл айтылуу Икрам Илмияновдун айылы эмеспи. Андыктан бул айылдын тургундары Сооронбай Жээнбековго 702 добуш беришкен. Кочкоров болсо 4 эле добуш алган. Демек, Бабанов бул айыл Илимияновдун айылы болгон үчүн ага тиш кайрап, ушунча акча сарптаганбы?

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here