«Той да болор, тойдун эртеси да болор» деген мааниге шайлоо кампаниясынын бүтүшүн салыштырса болобу, же анча туура келбейби билбейм, иши кылып өтө маанилүү иш-чаранын эртеси да болду. Адамдар кызыкпыз да шайлоо бүтүп, жаңы президент шайланса эле бар жакшылык түгөлү менен үйүнө кирип келчүдөй күтөбүз да… Эми бул үмүттүн алоолоп кетишинин жыйынтыгы болор… Ушул «алоолонгон үмүттү» пайда кылган жана алып келген президенттикке талапкерлер. «Эгер мен президент болуп калсам, жолдордун баарын оңдотом, мектептердин баарын оңдотом, жаңысын салдырам, коррупция дегенди тамырынан кыркам, айлыгыңар, пенсияңар жана жөлөк пулуңар көбөйөт, ооруган адамдар азаят, эл жалпы билимдүү болот, өнүккөн мамлекеттердин арасына кошулабыз…» ж.б.у.с. чексиз айтылат. Тилек деген аябай жакшы, бирок, ошолорду аткарууга биздин ар дайым дефициттүү болуп турган бюджетибиз көтөрө алабы? А балким жогорудагы убаданы берип жаткан талапкер, казган жеринен эле алтын таап турабы?! Куру убада берүү жагынан Өмүрбек Бабанов алдына адам салбады, талапкер салбады дегеним… Анткен менен бул жигит кыйын экен, ар кандай кыйынчылыкка карабастан 500 миңден ашык добуш албадыбы! Ооба, аталган сан акчанын күчү менен келди… Кандай болсо да Бабанов кыйын экен…

Мага окшогондор Сооронбай Жээнбековдун бул шайлоодо жеңип чыгарын билгенбиз. Ага көп себеп бар эмес беле: биринчиден, Жээнбеков бийлик тараптын талапкери, демек, ал тараптан колдоо албай койбойт. Бийлик тараптын да өз добушу бар да. Ал эми ал тарапта жүз миңдеген адамдар иштейт. Экинчиден, Жээнбековдун адамдык турпаты менен ушуга чейинки баскан жолу беркилердикине караганда алда-канча жакшы жагында болуп жатпайбы. Үчүнчүдөн, Жээнбеков түштүк тараптан, добуштун көбүрөөгү ошол тарапта. Ал тарап сөзсүз түрдө Жээнбековго тартмак да.

Сооронбай Жээнбеков өскөн бүлө жакшы жагынан бүтүндөй бир регионго белгилүү болгон бүлө экенин небактан билчү элек. Анын атасы Шарип аксакал адамкерчиликтүү, билимдүү, айкөл, жөнбилги жан экенин мына бүгүнкү күнгө чейин айтып келишет. Жээнбековдун ага-инилери тегизи менен атасын тарткан мыкты уулдар болуп калыптанышкан. Жеке менен Сооронбайдын агасы Жусупжан Шариповду жакшы билем. Ал азыр Кувейттеги элчибиз. Анын жакшы сапаттарын бириктирип келип айтсак, ал мыкты жигит. Сооронбайдын иниси Асылбек да оозунан жаман кеп чыкпаган, адамкерчиликтүү, ыймандуу жигиттерден экенин ал Спикер болуп турганда баамдап алганбыз… Иши кылып Кыргыз республикасынын президенти болуп Сооронбай Жээнбековдун шайланышы жакшы окуя болду деп айтсак, туурасы болор…

Буюрса, Жээнбеков президент, анан…

…Ошондо турмушубуз кандай уланат: жаңы делген нукка түшөбү же эскиси менен кылдырайбы? Туура, Сооронбай Жээнбеков жулунбаган жигит, бирок, эли жулунуп турбайбы… Сооронбай ыймандуу жигит, бирок, элдин арасынан ыймансыздар көп чыгып жатпайбы… Сооронбай топук кылган жигит, бирок, эли курсагы тойса да көзү таптакыр тойбой жатпайбы… Мына ушундай абалда мамлекетибизде кандай көрүнүш, абал болот?

Менин оюмча, мамлекетибиздин экономикалык жана да социалдык абалы азга оңолор, жакшы деген иштер болуп турар,бирок, кетип бараткан ыйман жолуна бөгөт болчу нерсе табылбас, ал жол кадимкисиндей эле уланып берет. Эми бул маселе жөнүндө мен, мен окшогондор оголе көп жазып жатабыз. Же андан пайда жок. Ошону билип туруп эле жазып жатабыз. Анткени, уламдан улам эскертип турсак, кайсы бир майнап келип берер деп жатпайбызбы… Азыркы адамдардын пейли аябагандай болуп бузулду. Алардын пейилин оңдоого болбойт. Андыктан аларды жайына коюп жаштарыбыздын тарбиясына бүт күчтү жумшашыбыз керек. Мектептеги балдардын көбүнүн ниети ак, дили таза, ак барак болуп турат. Мына ошол баракка жалаң жакшылыктарды толтуруп, алар ошол баланын кийинки баскан жолунда багыт берип тургандай кылышыбыз, мына биздин-баарыбыздын ишибиз болушу керек. «Бийлик жардам бербей жатат, бийлик антип койду, минтип койду…» деген догурунган былжырактыктарды ташташыбыздын убагы келди. Иштин баарын мына өзүбүздөн башташыбыз керек. «Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба» дегендей бололу. Өүбүз жулунуп турабызбы, балдарды жулундурбайлы, өзүбүздүн пейил тарбы, балдардыкын кенен кылалы, бизден ыйман кетип жатса, балдарды ыймандуу кылалы. Бул иштерди аткаруубуз өтө кыйын, анткени, өзүбүз бузулуп бүткөнбүз, анан жаштар биздеги жасалма тарбияны алар бекен?! Кайдан алмак! «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген да кеп бар…Ошентсе да аракетибизди кыла берели да.

Кан-жаныбызга сиңген жердешчилик

Бу жердешчилик деген биздин улуттун менталитетинин түбөлүк көрүнүшү катары каралышы керек, ар иште ушуну эске алганыбыз дурус болор. Анан калптан эле «эми жерге бөлүнгөн кээ бир адамдар бар…» деген «трибунанын жасалма сөзүн» ташташыбыз керек. Түндүк жана түштүк болуп бөлүнгөнүбүз күчөсө күчөйттүр, бирок, ал эч калбайт. Айла жоктон айтылган кеп: мейли бөлүнсө бөлүнөлү, бирок, бири-бирибизге зыяны жок болуп бөлүнөлү…

Эми төмөндөгү сандарды карап багыңыз: Оштук Жээнбеков Ош облусунда 71,76% добуш алса, таластык Бабанов-18, 42% добуш алган. Ал эми Талас облусунда таластык Бабанов 85,63% добуш алса, Жээнбеков- 12,7% алган. Ош шаарында Жээнбеков-73,69% добуш алса, Бабанов-18,67% алган.

Жогоруда келтирилген сандар жердешчиликти даана көрсөтүп жатпайбы. Эми президент болгон Жээнбеков ушул проценттерге карап эмес, жалпы элге бирдей карап иштесин деп күтөбүз…

Ушул катынга ырас болду

Элдин баары ушунун сөзүн угуп, аны сыйлап тургандай түшүнүп алган Токтайым Үмөталиева шайлоодо эң арткы орунду алып, кичине «быш» этип жели ар жеринен чыкты окшойт!  Четтин тилеги жаман акчасына дындыя тойгон бул жаран бийликке каалаганын айтып, өзү аябагандай абройлуу болуп көрүнгүсү келип, анысы ашып-ташып кетип, Пушкиндин кемпириндей падыша болгусу келип… Эми анын анча-мынча акылы болсо, ашкере дымактуу кебин азайтып, асылбаа аялзаты болууга кам көрүп, балпайган байбиче болуп төрдө олтурганга пайдубал түптөп… турмушун кескин түрдө өзгөртөр. Өзгөртпөсө өз иши, аны ким кой деп отурмак эле… Атаганат, жанагы Рита Карасартова деген алкынган аял да орто жолдон чыга бербей президентитикке ат салышса сонун болмок. Акыркы орунду Үмөталиева менен талашып турган сүрөтүн, абалын көрсөк болбойт беле…

Накта аял деген назик, үйлөсө учуп кетчүдөй үлбүрөп турган, маралдай керилип, көргөн эркектин сугун арттырып турган, эне болуп эзилип турган, жүргөн жеринин куту болуп турган жан го бир. Анан айгырдай алкынып турган катындар аялдардын атын булгап жатпайбы! Ошол арман!

Адабият менен искусство жардамдашса…

…Ошондо, бийлик да, оппозиция да, дегеле баарыбыз эмне кылышыбыз керек?  Биринчи иретте, өзүбүздүн баскан жолду оңдоо, жакшылоо аракетинде бололу. Ууру кылганды, кушак сүйлөгөндү, жутунуп турганды, көрө албастыгыбызды таштоого аракет кылалы, тобо келтирели, топук бололу, ар дайым ыйманды ойлоп туралы, ыймандын жолун тандайлы… Бул иш аябагандай оор, антсе да аракет кылалы да… Балдарыбызга кантип ыйманыбызды кетирип алганды түшүндүрөлү, канткенде ыймандуу боло турандан айталы, мультфильм менен, кино менен, спектакль менен, китеп менен, ыр менен, сүрөт менен, баатырлардын таржымалы менен, ата-бабалардын баскан жолу менен, анан албетте, «Манас» менен. Мына ушулардын баары жаш муунду бура бастырбай, «мени көр, мени ук, мени оку» деп күнү-түнү жанын койбой турса, дили жакшылыкка толуп берет, адабият менен искусствонун күчүндөй таасир берчү күч жок! Ошентип тарбияласак, алардын арасынан Нариман Түлеевдей, Акматбек Келдибековдой, Нурлан Сулаймановдой, Нарынбаевдей, Равшан Жээнбековдой коррупцинерлер, Курманбек, Жаныш, Акматбек, Максим Бакиевдердей бандит-айбандар чыкпайт…

Жээнбековго жеңил болбос

Жээнбековдун иши оңой болбос. Анын мамлекет ишиндеги түйшүгүн тек коюп бери жагын айтсак эле жетиштүүдүр.  Жээнбековду колдоп жети облустагы, Бишкек менен Оштогу штабдарда жүздөгөн адамдар иштеди, орбордун шатабдагылар да биртоп. Кайдан калп болмокмун, мына ушулардын бери дегенде тең жарымы, Жээнбековдон бир нерсе үмүт этип турушат. Бири-кызмат, экинчиси –акча, үчүнчүсү,-уулун же кызын бир жерге орноштуруу,төртүнчүсү бир ишин бүтүрүп алуу… иши кылып Жүүнбеков бүтүрүп берчү миңдеген иштер бар. Дал мына ушул жерде Жээнбековдун тазалыгы жардамга келиш керек. Туугандыкка, жердештикке, өң-тааныштыкка алдырбай, жалаң гана мыйзамдын чегинде, логикалык ой тутумдун негизинде, президенттин милдетинин ичинде иш алып барышы керек. Эгерде кайсы бир уч урда бир эле жолу жаза басса, анда Жээнбековго багышталаган жакшы кептер дароо жаман жагна өтөт, андан андан кутулуп көр! Демек, Сооронбай Жээнбековдун прензиденттик иши аябагандай кыйын, оор болор. Эгерде таза иштесе, оор иши жеңилдейт, кыйын иши жоголуп берет…

Жогорку Кеңештин эрке талтаңдары тарап берер

Алар эрке талтаң эмей, ким?! Каалаганын жасайт, каалаган жагына кетет, кыскасы, каалагандай чардайт. Мына ушул смүрөт Жогорку Кеңештики. Мыкты-мыкты мыйзамдарды чыгаруу, ошол мыйзамдардын аткарылышына жана бузулбашына тыкыр көзөмөл кылуу, керексиз мыйзамдарды жоготуу, элге өздөрүнүн жүрүм-туруму менен мисал болуу, биринчи иретте өздөрүн эмиес,элди ойлоо… сыяктуу сапаттардан караманча куру Жогорку Кеңеш тез арада тарап берсе сонун болмок.  Анткени, дурус деген адам президент болуп жатат, жаш, билимдүү преьердүү болдук, эми Жогорку Кеңеш да жакшы жагына жаңырсын да.    Иши начар жер ого бетер начар түшүнүктөрдү алып келет экен: кээ бирибиз Жогорку Кеңешти «Олигархтардын эс алуучу клубу» деп да атап жиберип жатабыз. Жок, бул кебетесинде, Жогорку Кеңештин жашап турушу элге болгон караөзгөйлүк болор.

Алмазбек Атамбаев кантти?

Кантмек эле, анын жашоосу жакшы уланат. Чынында эле бул жигит аябагандай акылдуу экен. Буга чейин эч кимде жок жакшы жолду чаап алды. Бийликти мыйзамдуу түрдө өткөрүп берем деди эле, өткөрүп берди; коррупцияга катуу күрөш жүргүзөм деди эле, ал жагында эч кимди аяган жок; шайлоо тынч өтөт деди эле, тынч өтң; эч бир тууган-туушканды көтөрмөлөбөйм деди эле, көтөрмөлөгөн жок. Ушинтин санап берсек, далай жакшы убадалары аткарылды. Эң негизгиси- Атамбаев мамлекеттин да, жеке өзүнүн да эртеңкисин да терең ойлоп, жакшы улана турган абалды түзүп алды. Президенттикке өзү калганан танапташ, ниеттеш, анан калса ишенимдүү адамын шайлап алды; бийлик партиясы абалына жеткен партияны түптөп, күчтөнтүп жатат; мындан ары мамлекеттин жолун акшы улай турган жаш кадрларды таптады, алар: Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Улан Исраилов, ж.б. Атамбаев Кыргыз мамлекетин менен башка мамлекеттер кадимкидей тенңата мамиле кылууга жеткирдир, бизге аябагандай керек мамилелешибиз Россмиянын президенти Владимир Путин жана андан кем эмес мааниси бар Өзбекстан мамлекетинин президенти Мирзиөев менен достук мамиледе болду, дагы башка ондогон мамлекеттердин лидерлери менен жакшы мамиледе болду. Атамбаев алып келген жакшылыктар тарыхта жазылып калары бар. Баса, самсаалаган оппозициябыз калып берди… Илгери Франция королдорун өзү билип башкарган «серий кардинал» деген ат азыр Атамбаевдики болуп турат…

Эми ал КСДП партиясында мүчө болуп жүргөн далай корруционерлерди, популисттерди, ачкөздөрдү, карьеристтерди, билимсиздерди, кошоматчыларды айдап, партиясын биртоп тазалайт. Антпесе болбой турган абал келди партиясына.

Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here