Улуубританиялык окумуштуулар тобунун жарыялаган макаласында, алар коомдук транспорттордо адамдарды улгайган адамдарга орун бошотуп бербөөгө кеңеш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

British Medical Journal журналында жарыяланган макалада окумуштуулар улгайган адамдардын физикалык активдүүлүгү тууралуу маалымат беришкен.

Хирург-ортопед Скартлетт МакНелли менен анын кесиптештери картаюнун башкы себеби физикалык кыймылдын аздыгы жана көнүгүүлөрдү жасоо аркылуу он жылга жашарууга болоорун айтышкан.

«Биз картайган чакта демалууга кеңеш бербей, кыймалда болууга чакыруубуз кажет. Автобуста, коомдук транспортто бара жаткан учурда улгайган адамга орун берүүдөн мурун жакшылап ойлонуп алыңыз. Алар үчүн туруп туруу-жакшы көнүгүү»,-деди профессор Муир Грэй.

«Көптөгөн оору адамдын жашына эмес, өзү менен иштөөсүнө байланыштуу. Канчалык аракет кылса ошончолук натыйжалуу»,-деди ал.

Скартелтт МакНелли белгилегендей, ооруканада жаткан бейтап өзү сейилдеп жүрүүгө убакыт табуу керектигин, улгайган адамдар көбүрөөк өмүр сүрүү үчүн дайыма сергек жашоо образын тандап алып, дайыма кыймылда болуу керектигин кошумчалады.

Булак:5 ньюс.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here