Бул тууралуу кечээ жакында эле өкмөттүн жаңы токуган токтомунун негизинде белгилүү болду. 2018-2019-жылкы окуу жылына карата окуу куралдарына аренда төлөнө турган болуптур. Бул токтомду албетте Билим берүү жана илим министрлиги сунуш кылды. Аны өкмөт колдоду. Анан экөө окшошуп эле жатып калды. Ушул билим берүүдөн акча алганды токтотсоңор боло. Ансыз деле баарына акча төлөп окутуп жатабыз. Кайсы кыйраткан китебиңерге аренда алганы жатасыңыр?- деп сураган киши жок. Аренда алаардан мурда бардык окуу куралдары менен окуучуларды камсыз кылып анан мындай токтомдорду токусаңар боло байболгурлар. Үзүлүп түшөйүн деп калган китебиңерге ким аренда төлөсүн. Төмөндө үзүлүп түшөйүн деп калган китептерди бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө кимдер ээ экенин көз чаптырыңыздар;
-көп балалуу үй-бүлөлөр
-аз камсыз болгон бүлөлөр
-атасы же апасы 1-же 2- топтогу майып болсо
-жалгыз бой үй-бүлөлөр
-майып балдар
-ата-энеси жок балдар. 
Бул түшкөн акчалар окуу куралдарын жаңылоо багытына жумшалат имиш. Эске сала кетсек, 2010-жылга окуу куралдар менен 58 пайыз эле камсыз болсо, 2017-жылга 83,6 пайыз камсыз болуп жатат деп, калпты кадимкидей кошуптур билим берүү министриндегилер. Каякта 83 пайыз, 50 пайыз болсо жакшы дейли. Бүгүнкү күндө дээрлик 80 пайыз окуу куралдарын балдарыбызга сатып берип жатабыз. Калпты да чеги менен айтыш керек да.

Булак: фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here