Белгилүү диктор Чынара Капарова өзү окуп кеткен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Баласагын ТВ” студиясын жаӊылаганга демөөрчүлүк көрсөттү. “Бул студия биз студент кезде ошол кездеги мамлекеттин башчысынын катышуусунда салтанаттуу ачылган эле. Анда факультет деканы Бөрүбаева Аниса Бираевна болучу. Андан бери 20 жыл өтүп кетиптир. Университетте 3 жылдан бери окутуучу болуп иштеп келе жатам. Теле жаатындагы адистерди даярдоодо шарттар начар эле. Эми минтип, жетекчибиз, факультеттин деканы Дүйшекеева Айна Талгарбековнанын демилгеси менен демөөрчүлөр изделип, алар менен тыгыз кызматташ болуп, студияны жаңылап алдык” – деди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here