Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлзат Төрөгелдиева экинчи кызын төрөгөндөн кийин эки жолу инсульт болгон. Учурда ал 1-топтогу майып болуп, жардамга муктаж экенин айтат.
Г. Төрөгелдиеванын айтымында, ал 1977-жылы туулган. Жолдошу Кубан Акунов менен 20 жыл бирге жашап, эки кыздуу болушкан. Ал кичүү кызы Бурулду операция жолу менен төрөгөн. Андан кийин кан басымы көтөрүлүп, инсульт алган.

Учурда улуу кызы Толгонай 8 жашта, кичүүсү Бурул 3 жашта. Гүлзат жолдошу экинчи кызын төрөгөндө «кыз төрөйсүң» деп төрөт үйүнө да барбай койгонун айтат. Жолдошу эки кызы менен таштап кеткенден кийин ал эжеси Элизанын үйүндө убактылуу жашап калган. Учурда кыздары жана өзү да жардамга муктаж.


Булак: .turmush.kg/news:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here