Кыргыз совет мамлекетин түзүүчүлөрдүн бири, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова 20-октябрда 81 жашында дүйнөдөн өттү.

Бул маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Абдрахманованын каза болгонуна байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев жакындарына көңүл айтты. Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан маркумду акыркы сапарга узатууга акча бөлүндү.

Ленина Абдрахманованын атасы Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Совнаркомунун төрагасы болуп иштеген. Ал Казакстан элинин бир тобун ачарчылыктан сактап калган иш-аракеттери менен белгилүү. Контрреволюциячыл жана улутчул деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы репрессияга тартылып, атылып кеткен.

Жусуп Абдрахманов Владимир Лениндин урматына кызын Ленина деп атаган. Ленина Абдрахманова эмгек жолун гальваника өндүрүшүндө карапайым жумушчу катары баштаган. Өз эмгеги менен бийик даражага жетип, көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here