Алгач Байыркы Кытайда колдонулган Гуаша массажы  көптөгөн дарттарга даба,  андан тышкары адамды 10-15 жылга жашарта турган дарылык касиетке ээ экендигин баса белгилеп кетмекчибиз. Аталган массаж тууралуу Кыргызстандагы жалгыз адис  Динара Акматова менен маектешкенибизде төмөндөгүдөй кызыктуу маалыматтарды берди. Эске сала кетсек, бу маектин экинчи бөлүгү. Биринчи бөлүгүн  бул шилтеме аркылуу окуңуз…

—Динара айым, эмесе бул массаж бел кубаты начарлаган эркектерге  кандай таасирин тийгизет?

—Эркектер аденома, простатит дарттарына чалдыкканда майда кан тамырларга кан жетиштүү барбай калат. Ошондо бардык орган өзүнүн функциясын жакшы аткара албай калат. Гуаша массажынын дарылоо процессинде майда кан тамырларга кан жакшы баргандыктан бул дарттар айыгып, ошону менен бирге эркектердин потенциясы көтөрүлөт. Кандын, лимфанын жана микроциркуляциянын  жакшы жүгүртүлүшүнөн улам.

—Эми мынча болду дарыгер катары адам өзүн бактылуу сезе турганга мүмкүндүк  түзүп бере турган гормондор тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?

—1.Борбордук нерв системасынын үчтөн бир бөлүгү лецитинден турат.

  1. Боордун 50%ы лецитинден турат.

3 .Сперма дагы белок-протеинден (лецитин,аминал кислота) турат.

Лецитин өзү эки бөлүктөн турат. Инозитол кандын составындагы холестринди азайтат жана экзема, псориаз дарттарын айыктырат. Ал эми холин-мозгдон ацетилхолин деген гормон трансмедиатор, эндорфин деген  затты бөлүп чыгарат. Ал зат сүйүү, бакыт, секс, күлкү, жыргалга мүмкүндүк түзүп берет экен.

—Жыргал демекчи, көпчүлүк аялдардын мындай учурду  сезбегендиги эмнеден улам болот?

—Көп учурда ацетилхолин бөлүнбөй калат. Ацетилхолин жетпеген үчүн статистика боюнча  аялдардын 80%ы оргазм ала албайт. Аялдык милдетин аткарып төрөй берет. Бирок кумардын туу чокусуна жетүүсү мүмкүн эмес. Ошон үчүн айрым үй-бүлөлөр ажырашканга аргасыздан мажбур болуп жатышат. Ошондой аялдарга эркектер көп учурда кызыксыз…

—Учурда эрекциясы начарлаган эркектер көп эле кездешип жатпайбы. Сиз аларга дарылануу үчүн кандай витаминдерди сунуш кылар элеңиз?

—Көп учурда эркектердин уруктугунун сапаты начарлап, нормадан көп пайыз азаят. Ал тургай уруктугунун кыймылы жай болуп калат экен. Бул көйгөйлөрдөн арылыш үчүн мен эркектерге  Омега 3 жана протеин витаминдерин сунуш кылмакчымын. Себеби бир гана  протеин деген зат эркектин уруктугунун сапатын жогорулатып, кыймылын  жетиштүү деңгээлде жөнгө салып, эрекциясын күчтөнтөт. Бул витаминдер менде бар. Андан тышкары Гуаша  массажы аркылуу да дарыланышса болот, 10-15 жылга жашарса, потенция да толук кандуу калыбына келет.

Маектешкен: Нурлан  ИСАМАТОВ                                                

Дарыгердин дареги:

Бишкек шаары,  Москва-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  “Ак-Эмир” базары, 2-кабат, 3-эшик. Тел: 0778  01-27-33, 0705 21-93-18, 0554 03-38-88.

Алдын-ала байланышып келиңиздер!                                                                                                                    

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here