Ырчы жана «Кыз-бурак» тобунун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова жакында турмушка чыгат. Бул тууралуу маалыматты Сайкалдын апасы Гүлшайыр Садыбакасова билдирди: «Кудай буюрса, 25-октябрда Сайкалга кудалар кыргыздын салты боюнча сөйкө салышат. Үлпөт тойду 14-ноябрга белгилешти, Ошто өтөт. Кызымдын кимге турмушка чыгарын сөйкө салганга чейин айтпай турууну чечтик. Болочоктогу күйөө балам чыгармачылыкка жакын адам, мыкты жигит. Сайкал экөө бири-бирин түшүнүп жашайт деп ишенем», — дейт. Анткен менен Гүлшайыр эженин күйөө баласы алып баруучу Максат Давранов экени белгилүү болуп калды. Эмнеси болсо да, эки жаш бактылуу болсун!