Мукамдуу обондорунун көп түстүүлүгү, көркөмдүүлүгү менен өзгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн талант бар. Оболу обон чыгараардан мурун сөзүнө маани берген обончулар сейрек  гана. Болот мырза мына ошол сейректердин бири. Салмактуу обондору калың калктын купулуна толгон мукам кайрыктардын ээси обончу Болот Токтобаев менен маекке назар салыңыздар.

 —Жакшы ыргак аксаңдаган ойлорго дайыма эле балдак болуп бере албайт. Ыр тандоо табитиңизди уксак…

—Биринчиден аксаңдаган ойлорду чыгармачылыкка эч качан аралаштырбайм, ыр тандоодо табитим жаман эмес, чыныгы поэзия менен обондуу ырлардын бир аз айырмасы болуп тураары талашсыз. Жаш кезде ыр тандоодо  менде дагы кемчиликтер болбой койгон жок.

—Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн…

—Чындыгында «талант» Жараткандын берген шыбагасы, ийгилиги : талант ээсинин ой-туюмунда, ниет-пейилинде, баскан-турганында жана аракет-изденүүсүндө.

—Элге эмгегиңиз сиңип калды, бирок, наамдарыӊыздын жоктугу бизди таӊ калтырат?..

—Наам боюнча айта кетсем, бул: бийиктик менен пастыктын алмустактан берки күрөшүп келүүсү, бирде татыктуу бирде татыксыздар деле ала берет. Мындайда эч кандай капа болуштун кереги жок.

 —Сынга кандай карайсыз?

— Туура. Менин биринчи угарманым да, сынчым дагы келинчегим Сүйүнбүбү Анарбаева.  Ал өзү кесипкөй ырчы. Чыгармачылыкты да тереңден маани берип,  талдай алган адам.

—Атактуулук сиздин баамыңызда…

—Түбөлүгү жок атакты эч ким түбөлүккө кармай албайт.

—Балдарга кандай атасыз?

—Кыргызда жакшы сөз бар, «дээринен» деген, бирок тарбияга сөзсүз маани берүү керек. Балдарды тарбиясыз калтырууга болбойт.

—Кезегинде обондору популярдуулукка жеткен талант «жылдыз оорусу» менен ооруду бекен?

— Менин  чыгармачылыгымдын башы коом алмашып жаткан кезге туш келип эч нерсени сезбей калдым, ал эмес өкүнгөн учурларда  болгон, бирок буйрук экен да.

 

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here