Буга чейин “Иска строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариевге  алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, ал эки айга  камакка алынганы маалым болгон эле. Бүгүн Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтыруу боюнча чечим чыгарды. Сариевди жактоочулары  үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтиршкени менен, ал  өтүнүч четке кагылды. Анткени, прокурор Сариев үй камагына чыга турган болсо, качып кетиши мүмкүн деген жүйөөнү келтирген. Маалымат катары айта кетсек, Нарынбек Сариев «Иска строй” курулуш компаниясы 2010-жылдан тарта  Бишкекте  көп кабаттуу үйлөрдөн куруу үчүн,  100дөгөн үлүшчүлөрдөн 20 миңден 50 миң долларга чейин акча чогултуп алып, үйлөрдү  убагында бүткөрүп берген эмес. Убада боюнча 600гө чжакын адам мындан 5 жыл мурун эле  эле үйдүн ачкычын алышмак. Анткен менен   көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери ушул күнгө чейин бүтө элек.

Нарынбек Сариев 2015-жылы Бабановдун «Республика-Ата-Журт» партиясынан ЖКнын депутаттыгына ат салышып, мандатка жетпей калган. Мындан тышкары, аялы менен ажырашып, мүлк талашып, соттошуп, экөө ЖМКда бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү айтышканы менен белгилүү.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here