Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди. Анын айтымында, тарых музейинде 60 жылдан бери сакталып турган байыркы мумия 1997-жылдан бери каралбай, бузула баштаган.

— Бул маселени президентке кандай жеткиришти. Эртеден кечке тытмалап окумушутуулар изилдеп атса, колдорунан жулуп барып Баткенге көмүп салгандай айтып жатышат. Мумия музейде 60 жыл жатты, бир окумуштуу басып келип караган жок, эч ким изилдеген жок. Муну антрополог, генетиктер, биологдор изилдеши керек эле. Союз учурунда Эрмитаждан атайын адистерди алдырып бальзамдашкан экен. Андан кийин алар таштап кеткен химиялык заттар менен бальзамдашкан. Кийин ал заттар да, адистер да жок туруп калган. Ачык жерде жаткан үчүн бузулуп баштаган.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда кайра ордуна алып барып көмүү чечимин чыгарган.

4-5-кылымдарга таандык мумия көмүү чечимине көпчүлүк археолог жана илимпоздор каршы чыгышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин казынасында сакталып келген байыркы мумиянын көмүлүшүн туура эмес чечим болгон деп эсептей турганын Бишкекте журналисттерин суроосуна жооп берип жатып билдирген. Мамлекет башчы мындай чечим чыгаргандар жазаланарын айткан.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here