Азай Гулиев, ЕККУ байкоочулар миссиясынын башчысы

Акипресс маалымат агенттиги президент Алмазбек Атамбаев агенттикти «ЕККУнун Кыргызстандагы атайын координатору Азай Гулиевдин сөзүн бурмалап берди» деп айыптаганы үчүн кечирим сурашы керек деп эсептейт.

Бул тууралуу аталган агенттик президент Атамбаевге жана ЕККУ өкүлү Гулиевге жолдогон расмий жообун сайтына жарыялады.

Анда айтылгандай, президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны учурунда өлкөдөгү сөз эркиндиги жана цензура жөнүндө Гулиевдин сөзүн комментарийлеп, өлкөдө цензура жоктугун, бирок учак кырсыгынан ондогон адамдардын набыт болушуна айыптаган маалымат каражаттары жооп берүүгө тийиштигин белгилеген.

Президент Гулиевдин сөзүн журналисттер туура эмес түшүнүп алганын билдирип, Акипресстин кабарчысынан элге жалган маалымат бербөөсүн өтүнгөнү айтылат.

Акипресс маалымат агенттиги Азай Гулиевдин айткан сөзү которулуп жаткан кездеги видеотасманы жарыялап, кабарчысы элге укканын жарыялаганын билдирген.

Тасмада Гулиевдин котормочусу «Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы берилген доо арыз жана даттануулар белгилүү бир кыйынчылыктарга жана цензурага алып келген» дегенин белгилеген маалымат агенттиги президент Атамбаев жана ЕККУ өкүлү Гулиев өзүнөн кечирим сурашы керек деп билдирүүдө.

Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар 16-октябрда президент Атамбаев менен жолугушуп, жалпысынан шайлоого оң баасын берген. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы атаандаштык шартында өткөн шайлоону, бийликти тынч өткөрүп берүүгө түзүлгөн шартты башкаларга үлгү боло ала турган көрүнүш катары баалаган.

Ошол эле учурда европалык байкоочулар кемчиликтерге көбүрөөк көңүл бурушту. Миссиянын байкоосуна караганда шайлоодо административдик ресурс, кээ бир шайлоочуларга басым болду. ЕККУнун парламенттер ассамблеясынын вице-президенти Азай Гулиев Боршайкомдун нейтралдуулугу көп суроону жаратып, айрым талапкерлерге артыкчылык берилгени билинди деген.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here