Кечээ өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче жараксыз бюллетендердин саны 16 миңге жакындады.

Урнадагы  актай болуп, кайсы бир талапкерге же «баарына каршы» деген белги коюлбаган жана эки жерге белги коюлган бюллетендер жараксыз деп табылган.

БШКнын маалыматтары боюнча , өлкөдө каттоодон өткөн 3 миллион 25 миңден ашык шайлоочунун 1 миллион 600 миңден көбү добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 % түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here