УКМК перезиденттик шайлоодон кийин, анын жыйынтыгына жараша баш аламандык уюштуруп,  административдик имараттарды  басып алууну максат кылган деген шек менен Жогорку Кеңештин легендарлуу парламентинде депутаты Казыбек Шайымбетовдун кармалганын маалымдады. Ал депутат мурун курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон.  Бул ирет да курал даярдап жаткандыгы айтылат. Шайымбетов да президенттик шайлоодо өзүн-өзү көрсөтүп талапкерлигин коюп, бирок талапкерлигин алып салган. Ал 1955-жылы Ысык-Көлдүн Бозтерисинде туулган. Афган согушунун катышуучусу. 2005-жылы Чолпон-Атадыгы мамлекетти №2 резденциясын башкарып турганда, акча уурдады деген шек менен жумуштан айдалган. Анын сүйлөшүүлөрүн жаздырып алышып, интернетке жарыялашкан.

https://www.youtube.com/watch?v=kbP1UEoyFkI&feature=youtu.be

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here