Быйыл өткөн Кыргызстандын сулуулар сынагынын чуулгандуу жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова өзү тууралуу, өзүн тааныштырган тасманы жарыя кылды. Чынында бул бийкеч ал сынакта өзүнүн сулуулугунан мурун, жооп берген сөздөрү менен өтө таанымал болуп кеткендей болду. Маселен, 5 миң сомдуктагы Сүймөнкул Чокморовдун журналист деп адашып, же такыр билбестиктенби, айтор ошентип айтып сынга кабылган. Андан да «мен 5 миң сомдукту жакшы көрөм»-дегени бул жообуна көрк кошкон.

Кыска тасмада кыргыз кызынын сулуулугу, жердин кооздугу чагылдырылган. Эмесе, бирге көрөлү:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here