«Кашыктап чогулткан кадырын чөмүчтөп чачып» деген кеп бар элибизде. Президенттик шайлоо далайдын чүмбөтүн сыйрымай болду. Мына калк арасында анча-мынча кадыр топтоп, төбөсү көрүнө баштаган Бакыт Төрөбаевдин ырыс көтөрө албаган чалпоолугу бар экен, тез эле эл ишениминен чыкты. Болгондо да оңолбогондой оңко түштү. Анын Талант аттуу адам менен телефондук сүйлөшүүсүндө эскини көксөгөн, котур ташын койнуна каткан максаты ачык билинди. Көрсө буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын артында Максим Бакиев турат делип маалымат каражаттарында жазылган сөздөрдүн чындыгы бар тура. Буга Төрөбаевдин: «Мен намыс үчүн айтып коёюн, Бакиев Курманбек Салиевичти Оштон кубалагандар именно Сооронбайлар. Мына эми бизге оомат келе жатат. Бабанов мага конкретно айтты: «Мына бышып, премьер-министрликке татыктуу болуп калдың. Президент болсом мага түз киресиң, бизнес кылабыз, башкасын кылабыз» деп айтты» –деген сөзүнөн ким экенин, чүмбөт артындагы өзүнүн жүзүн сыйрыптыр. Буга мамлекеттик кызмат бизнес жасоо үчүн керек экен. Эл деген сөз жөн гана көшөкөрлөнүү тура. Бакиевдер аттырган жүздөн ашык баланын өлүмү, алардын үй-бүлөсүнүн зар какшаганы бир тыйын экен бул кызыл кулакка. Бакиевдердин өчүн алыш үчүн тымызын бийликке жетүүнү көксөп жүргөнү билинип калды. Мындай «кой терисин жамынган Бакиевдин бөлтүрүгүнүн» тизгинин тартпаса болбойт. Эмне эле президенттик башкарууну эңсеп жатат дейбиз да…

Айтмакчы, бийликке келип алып бизнес жасамакчы болуп жатышкан Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин шайлоодо жеңишке жетпей калышса мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну көксөгөн тилек-максаттары бар экени интернетке чыкккан улам бир аудио-видео сүйлөшүүлөрдөн байкалып жатат. Алсак, буга чейин Бабановдун жакын саясий өнөктөшү Канат Исаев кылмыш чөйрөсү менен биргелешип, шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык уюштурууну максат кылган видеосун жарыяланган. Андан кийин эле дал ушул Исаев уюштурган ишке байланыштуу кылмыш чөйрөсүндө жүргөн адамдардын телефондук сүйлөшүүсү жарыяланып, анда Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабановдордун ысымдары аталды. андан кийин Мелис Аспеков деген кармалды. Ал дагы төңкөрүш уюштуруу үчүн балдарды топтоп жатканын айтат. Анда дагы Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин аттары айтылып жатат. Эмнеге эле төңкөрүш туурасында сөз козголгон жерде экөөнүн ысымдары кошо сөзболууда. Эмне бул дал келүүбү? Мына Мелис Аспеков деген Бакыт Төрөбаевдин идеологиялык жактан кеңешчиси катары сыпатталып жүргөн эң жакын адамы Мурат Жетимишбаевге телефон чалып, төңкөрүш жасоонун максат-планын талкуулап жатат. Крим чөйрөнүн көзүрү катары белгилүү болгон маркум Алмамбет Анапияевдин агасы Калмамат Анапияевдин 300 спортсмен баласы бар экенин, аны өз тарабына тартууга макул кылганын айтып, аны Өмүрбек Бабанов менен жолугуштуруу керектигин Мелис Аспеков Жетимишбаевге айтса, ал Бакыт Төрөбаевге деле жолугуштура алаарын белгилеп, Ошко келип калсын деп айтууда. Мунун баары эле келди-кетти сөз эмес. Чоң даярдыктан кабар берет. Демек бул тандем түзүп «баш кошкон» саясатчылардын көздөгөнү, ниети жакшы эмес. Элдин коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлошпой, жеке кызыкчылыктары үчүн башаламандык уюштурууну максат кылган ким болсун мыйзам алдында жоопко тартыш керек. Булар элди эмес, өздөрүнүн мүдөөсүн көздөп, эмне болсо курмандыкка чалып бийликти алабыз дешип жутунушууда. Андыктан көрпенде саясатчылардын куралына айланбай, татыктуу талапкерди тандоого мезгил жетти. Төрөбаев бекер жеринен «оомат келди» деп жаткан жок. Булардын ары же бери болобуз дешип, арам максаттарын ишке ашырууга чындап бел байлашканы көрүнүп турат.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here