КСДПдан депутат болуп келген Жанар Акаев деген бар. Мурдунун маңкасын тарта албай жүргөндө президент Атамбаев өзүнө пресс катчысы кылып, анан Жогорку Кеңештин депутаты кылды. Бирок “ит кутурса ээсин кабат” болуп, депутат болгондон кийин “ичкен кудугуна түкүрүп” тескери «үрүп» калды. Мына ушул жигит туурасында шайлоо башталгандан бери бийликти каралоо максатында ар кандай саясий акцияларды уюштуруш үчүн Өмүрбек Бабановдон 500 миң сом алыптыр деген сөздөр айтылып келет. Бирок демейде чыйылдап чыга калчу Жанар бул сөздөргө ак же көк деп айткан жок. Демек унчукпагандан кийин чын экен дегендер арбын. Ырасында Кудай көктөн карап турган соң, танып кете албай тымпыйып,“үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат” деген позицияны карманып кууланып жатса керек… Сыягы кыйын кырдаалды баштан кечирип жаткан Бабановду ар ким туш-туштан талап, эптеп акчасын алып пайдаланып калгысы келип жатканда Жанар дагы четте карап тура албай, напсисине ээ боло албай калган көрүнөт…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here