Өткөндө нумерология илими боюнча адис президенттикке талапкерлердин фаворити Сооронбай Жээнбековдун сандык катыштарын карап чыгып, Сооронбай Жээнбеков алдыдагы шайлоодо жеӊип, президент болорун так кесе айткан болчу.

Анда Сооронбай Жээнбековдун бюллетендеги сандык катары – 9 экенине көӊүл бурулат. Андан ары карап көрсөк Сооронбай 9 тамга, Жээнбеков 9 тамга, Шарипович 9 тамга, Президент 9 тамга! Шайлоодогу бюлеттенинин саны дагы 9! Тогуздун айында ПРЕЗИДЕНТ болот. Бул өзүнөн өзү эле төп түшүп жаткан жери жок.

Бул оюбузду кыргыздын өзүндө айтылып келе жаткандарга бурсак, эзелтеден тогуз санына өзгөчө маани берилип, сырдуу туюлат. Маселен,“төө баштаган бир тогуз” же тогуздап мал айдатып деп коюшат. Төлгө салса да башы тогуз, аягы сегиз деп салат. 9 саны – тилектин, жакшылыктын саны. Баланы эне тогуз ай көтөрөт. Дагы тогуз ак  б.а. тогуз чындык бар деп айтышкан (Ошол тогуз актын ичинде, келечекте Президент болуучу адамдарга керектүү эң башкы сапаттар да бар. Чынчылдык, акыйкаттык, тазалык ж.б.у.с.) Ушунун баары тегин жеринен эмес.

Буга кошумча жана бир мисалды келтире кетели.  7-октябрда парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат  Дастан Жумабеков Таластын Кара-Буура районунун ат майданында ат оюндарын уюштуруп,  аламан байге ат чабышка келгенде жогорку сакралдык 9 санына тиешелүү окуя элдин көӊүлүндө калды.

№9 аргымак чыккан жерде эле бөлүнүп, анын артынан №6 ат эптеп тырмышып, өпкө кагып араӊ келаткан. Кай бирде ашып кетчүдөй дем көрсөткөн. Анан 22 чакырымга чабылган аттар марага 500 метрдей калганда, №9 -аттан ашуучудай жанталашкан  №6 ат “шайтандап” шарт  бурулуп казак тарапты көздөй тескери кетип, баш байгени №9 аргымак алып кетти.

Чогулган эл же байгеден жок, же элден жок каӊгып казакка качкан атты баары таӊгалып карап турушту. Буга күбө болгон көптү көргөн карыялар: “Бул бекеринен болгон жок, бирдеменин жышааны. Сооронбай Жээнбековдун катар номери – 9, Өмүрбек Бабановдуку – 6. Демек, шайлоодо Сооронбай Жээнбеков алдыга келип, ага удаалаш келаткан Өмүрбек Бабанов шайлоодо жыдыйт окшойт. Тиги ат казак тарапка качпадыбы. Бул деле ошол казакка качканы калган го”, — деп жорушту.

Сооронбай Жээнбековду колдогон мындай жышанаалуу окуялар биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Кыргыздын эң ыйык жери Чеч-Дөбөгө Сооронбай Жээнбеков барганда асмандан бүркүттөр көрүнгөнүн, алар жакындап учуп келип Сооронбай Жээнбековдун төбөсүндө айланып жүргөнүн көрсөткөн видео тараган. Аны касиеттүү карылар жакшы жышаана катары жоруп, мамлекет башына Сооронбай Жээнбеков келерин айтышкан. Эми 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлана турганынан эч ким шек санабай, ал күндү күтүп калдык.

Булак: Багыт. Автор  Мурат МУСАКЕЕВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here