Ички иштер министрлиги Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталган  билдирди.

Маалыматта:

-10-октябрда Ош шаардык милициясына президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан башкы штабынан шектүү кутуларды чыгарып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барып, күндүзгү саат 3төр чамасында штабдан Daihatsu үлгүсүндөгү автоунаа чыгып, Амир-Темир кичи районун көздөй багыт алганын көрүшкөн. Машине Садриддин Айни көчөсүнөн токтотулуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Анын багажынан Бабановго добуш берүүгө чакырган конверт салынган алты куту табылган. Ичиндеги эки жаран, айдоочу жана анын жанындагы кишиде 185 миң сом бар болгон.

Алар бул каражат шайлоочуларды сатып алууга багытталганын моюнга алышкан. Чогултулган материалдар сотко жана аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлдү. Териштирүү маалында кармалган автонунаанын айдоочусу Бабановдун шайлоо штабынын өкүлдөрүнө чара көрүү өтүнүчү менен сотко кайрылган —  деп айтылат.

Мына, бул да болсо кезектеги Бабановдун саясый саткынчылыгы. Бул адам элди акча менен гана сатып алгысы келери ушундай аракеттеринен байкаса болот. Анан жасаган былык иштерин эч качан моюндашпай, адаатынча четке кагышат, ар кандай шылтооларду айтышат. Бул ирет да жөө жомокторду айтары турган иш.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here