Чагылган: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 3 жылга жакын Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драм театрын жетектеп, иштен жаман атты болуп, ызы-чуу менен кеткен Темирлан Сманбеков кайрадан кызматка келди. Аны Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын жетекчиси кылып дайындады. Белгилүү болгондой бул адам  КырДармды жетектеп турганда: чет элден грантка келген, сыйлыкка берилген, демөөрчүүлөр берген бир нече миллиондор максаттуу пайдаланылбай, изи чыкпай калганы маалым. Бул маселе боюнча КырДрамдын мурунку директору, Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев Башкы прокуратурага, УКМКга, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына бардык далилдерди келтирип, ачык кат  кайрылган. Ал тараптан: «иликтөө жүрүп жатат, кылмыш козголду» деп сөз болгону менен, ошол бойдон дымып калган. Көрсө, тамада Сманбеков өзүнө козголгон кылмыштарды кыскартып, тоңдуруп койгонго жетишкенби деген ой кетет. Бул маселенин баарын министр Түгөлбай Казаков эң сонун билет. Бирок билип туруп, кылмыш козголуп, коррупцияга шекетлген адамды кантип директор кылды? Жок дегенде моралдык жагын эске албайбы десең. Же бизде болушунча ичип-жеп, талкалай берсең, кутуруп, кызматтан -кызматка бара бересиң деген түшүнүктү чиновниктер ушинтип  даңазалап, элге жайылтып жатышабы?

Нарын театырын акыркы 6-7 жыл ичинде: Сманбековдун крусташы Мурат Кыдыралиев, Данияр Ибраимов, ал эми акыркы бир жылдан бери Кыргыз ССРнин Эл артисти Сейитказы Андабековдун баласы Болот Андабеков башкарды. Болот мырзанын мамилеси жамаат менен жакшы болбой калгандыктан анын ордуна тазаарак киши таппай калгансып Темирлан Сманбековду келип олтурат. Сманбеков деле ал тетарды көтөрүп, кыйратып жибербейт. Бул КырДармда иштеп турганда кечки саат 4төн киийн ишин таштап, тамадалык кылып кетчү эле. Эми Нарындан да ошентеби? Ал театрда бул борбордук театрдагыдай акча  жок, эмнеден кымырып, эмнеденжыргайт болду экен? Же болбой эле эбин табабы, кызыталакты…Деги эле маданият тармагында миллиондогон акчаларды жеп коюп, кылгылык кылып, кылмыш козголсо да, андан суудан кургак чыккандай кургак чыгып, жыргап жүргөн бир катар маданий мекемелердин жетекчилерин элибиз жакшы билет. Маселен алардын сап башында 3 жолу Маданият министри болгон Султан Раев, Кыргыз улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын экинчи ирет жетектеп жаткан Болот Осмонов, Кыргыз циркте түшпөс ханга айланган Курмангазы Исанаев, Кыргыз кинодепартаментинин директору Мукталы Бектеналиев ж.б. турат. Буларды бийлик көп жылдан бери эркелетип эле келатат, аяк-соңунда жыйынтык чыгар бекен, же ошол бойдон калып кетеби?

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here