“Күлкү-ден соолуктун мүлкү” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Эмесе буга чейинки президенттик шайлоого талапкер катары катталган эки куудулдан тышкары азыркы кезде  айрым талапкерлерди коштоп жүргөн куудулдарыбыздын дагы элди күлкүгө бөлөгөн айрым учурдагы окуяларын жарыяламакчыбыз.

Атканды билбейм…

Абдылда мырзанын мындан бир канча жыл мурда концерт учурунда элди минтип күлдүргөн жайы бар эле:

—Бир жолу командировкага барып мейманканага жайгашып калдым. Ошондо жанымдагы шеригим:

—Байке “охотога” чыгып келбейлиби?- десе болобу.

—Ой айланайын. Мен атканды билбейм. Ишенсең , өмүрү атып көргөн эмесмин-десем каткырып:

—Байке, эгер атканды билбесеңиз… анда үйүңүздөгү балдар кимден?- дейт жанымды кашайтып. Көрсө, ал башкача мааниде айтып жатыптыр. Башында табышмактатпай ачык эле айтса түшүнмөкмүн. Эми мен деле эркекмин да…

 “Элге кызмат кылалы”

Күмөндөр агабыздын концерти деги эле укмуш өтөт эмеспи. Салтка айланып калган өзүнүн  “Күмөндөрдүн күлкүсү” аттуу концертинде өзүнүн жети айлык болуп төрөлгөнүн айтып:

—Жети айлыктар тың болот. Мисалы Наполеон, Гитлер, мен… Эми “ал жерде” бутуңду кенен сунуп жатпаган соң аябай жүдөйт экенсиң. Мен чыдабай кетип: “Эртерээк сыртка чыгалы. Элге кызмат кылалы” -деп тогуз айга жетпей эле эрте чыгып алгам деп элдин боорун эзген эле.

“Атаңа кол көтөрө албайт экенсиң”

Бир жолу Бек Борбиевдин концертинде Борончу байкебиз өзүнүн боюна байланышкан интермедияны аткарганы эсимде калган экен. Сахнада образга кирип кеткен сакадай бою сары алтын куудул:

—Мен бир нерсеге абдан капамын. Анткени үйдө менден башкалардын баарынын тең бойлору узун. Бир байкемдин бою эки метр. Меники эле кыска. Көрсө, мен кошунама окшош экенмин. Анан бир күнү ошол кошунамды сарайдын артына алып барып сабай турган болуп токтоп калдым. Эмнеге дебейсиңерби?- деп элге кайрылды.

Концерт көрүп отурган эл:

—Эмнеге?- деп кыйкырса кайран Бокебиз:

—Атаңа кол көтөрө албайт экенсиң…- деп күлдүрдү эле.

“Чечине турган адам бул жакта турат!”

Жамбыл акебиз да башкалардан кем калышпайт. Кээде сахнага өзү жалгыз чыгып алып эле элди күлдүргөн касиетке ээ. “Аралаш” куудулдар театрынын чоң программадагы концертинде бир жолу сахнаны жалгыз ээлеп:

—Мен айдоочу болуп иштейм. Аялым болсо артист. Экөөбүз ынтымактуу эле жашап атабыз. “ Артисттен аял алба. Шофёрго эрге тийбе”- деген макал болбогон кеп окшойт деп ойлочу элем. Бир жолу аялым мени киностудиядагы жумушуна ээрчитип барды. Анан мени ал жердеги башкы режиссёр менен тааныштыргандан кийин коридорго жалгыз калтырып, өзү болсо бир бөлмөгө жанагы режиссёр менен ээрчишип кирип кетти. Булар эми эмне кылат болду экен?- деп тыңшап турсам  Аялымдын:  “Аячы, жаным аячы” деген онтогон үнү угулганда нервим кайнай баштады. Өзүмдү кармап араң турган элем.   Режиссёрдун:  “Жарайсың , Зийнаш. Эми Абдыкадыр экөөң чечингилечи” деген сөзүн укканда чыдай албай баягы бөлмөгө кирип барып:

—Кандайча экөө чечиниши керек… Чечине турган адам бул жакта турат го?!-десем, режиссёр:

—Байке сиз туура түшүнүңүз. Азыр ушундай кинолор абдан популярдуу болуп жатат,- деп жанымды кашайтып жатпайбы. Көрсө, жанагы макал туура эле айтылыптыр,- дегенде элдин каткырыгы бир топко чейин басылбай турду окшойт…

“Үсөндү шайтан азгырып…”

Тынар мырза бир тойдо тамада болуп элге ушул окуяны айтып берген эле:

—Асан менен Үсөн деген эгиз балдар болуптур. Үсөнү толук болсо, Асаны аябай арык экен. Ал ушундай арык болгонуна аябай капа болуп жүргөндө шайтан жолугуп:

—Сен толук бала болуш үчүн Асандан биротоло кутулгуң келеби?- дегенде сүйүнүп кеткен Үсөн:

—Ооба. Ал үчүн эмне кылышым керек?-дептир андан кеңеш сурап.

Шайтан аны ого бетер кызыктырып:

—Асан апаңардын оң эмчегин эмген үчүн толук көрүнөт экен. Эмесе бүгүн түнү уктаардын алдында Асанга билдирбей апаңдын оң эмчегинин үрпүнө жыландын уусун сүйкөп кой. Асан эмгенде ууланып өлөт. Анан эки эмчекке бирдей ээ болуп сен семиресиң. Калганын кийин айтып берем,- деп шайтан кетип калат.

Үсөн шайтан айткандай апасынын эмчегине жыландын уусун сүйкөп коюп уктап калган экен. Эртең менен ойгонсо эле үйдүн ичи ызы-чуу дейт.  Көрсө, Асан менен Үсөндүн атасы өлүп калыптыр,- деп күлдүрүп тойдо отургандарды күлкүгө бөлөгөн болчу.

 Нуркемел ИСАЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here