Пенде болгон сайын болсо деп тилейт эмеспи. Байыртан эле кыргызда “Жоктун түбү – жок болот” – деген жакшы сөз бар. Негизи адам баласы бул дүйнөгө жаралганда илгери үмүт менен өмүр кечирип келет. Жараткандын сыноолоруна чыдай албай кээде, кейип-кепчип жибермейибиз да бар. Барга топук кылып, жок болгондо муюп, алдыга тырышып жашоо ар бир адамдын колунан келбеген иш. Ошондой болгон күндө да, сиздерге жакырлык чакырган адаттардан арылууңуздарды сунуштайбыз.

Тагдырына нааразылардын жашоосу начар болот

Жакшы ой жакшы иштерди чакырат, жаман ой дагы ошондой. Ошондуктан, кандай гана мүшкүл болбосун ичинен муюп, сртка чыгарбаганга аракет кылышы керек. Жакыр адамдардын көпчүлүгү кейип-кепчий беришет. Өз тагдырына өзү наалып, «менин маңдайыма байып кетүү жазылган эмес» деп айтуудан эч тажашпайт. Талыкпас эмгек эч качан сизди ач калтырбаарын унутпаңыз. Иши оңоло турган киши биринчи оюн андан кийин сүйлөй турган сөзүн оңдош керек. Орустарда “Мысли материальны” деген сөз бар. Ойлор сөзсүз аткарылат. Ошондуктан, алгач ойду калчаш керек.

Билимден акчаны аябаган жакшы

Акча туура пайдаланганды жакшы көрүп, тез короткон адамды жаман көрөт. Ошондуктан, айрыкча аялзаты акча колуна тийээри менен базар кыдырбай, эң керектүү нерселерге гана акча коротуп, үнөмдүү пайдаланганда гана баюу жолуна түшөт. Бирок, байыгыңыз келсе, өтө сараң боло бербеңиз. Сараңдардын баары бай болбойт. Кийим-кече алаарда сапаттуусун алып, сапаты начар арзан кийимден качкан оң. Анан, адам өзүн-өз өстүрүүдө же балдарын окутууда акчаны аябаган жакшы. Себеби, сапаттуу билимдин келечеги кең болуп, пайдадан башка зыяны эч кимге тийбейт. Өтө эле сараң адамдар кысынып отуруп эң кедей адам болуп калганын өздөрү да билбей калышат.

Шык менен кесипти айкалыштырсаңыз кедейликтен алыс болосуз

Адам билим алып окуган кесипти эмес, өзү жактырган иштин майын чыгара жасайт дагы, анын натыйжасын көрөт. Ошондуктан, эгер жакырлыктан чыккыңыз келсе, өзүңүз жактырган ишти кылганыңыз дурус. Бирок, жактырган ишим деп эле колуңуздан келбеген ишке аралаша бербеңиз. Дүйнөлүк ири бизнесте акча жүгүрткөндөрдүн көбү жашоодогу хоббиси менен иштеген инсандар. Ошондуктан, шык менен кесипти айкалыштырсаңыз кедейликтен алыс болосуз.

Акча – байлык эмес…

“Байлык менен бийлик колдун кири” – деп бекеринен айтылбайт. Ошондуктан, келген ооматты туура нукка буруу ар бир адамдын өз колунда. Бакытты, жашоону материалдык байлыкка байлап коюу туура эмес. Акчаны байлык эмес башкача көз карашта караш керек. Адамдын ички көрөңгөсү байымайын материалдык байлык менен эч качан бай боло албайт.

Акчаны орунсуз жумшаган адам жакыр боюнча эле өтөт

Дүнүйө бир тыйындан куралат экенин байлар жакшы билет, ошондуктан алар кирешесинен биринчи чыгашасын эсептеп, бир тыйынды жөн кетиришпейт. Бир нерсе сатып алаардан мурун жакшылап ойлонуп туруп, кайсы нерсе эң керек ошону гана сатып алуу керек. Акчаны орунсуз жумшаган адам жакыр боюнча эле өтөт.

Оңой келген акча — оңой кетет

Негизи пайда табыш үчүн аракет жана убакыт керек. Тез эле байып кетем, көп киреше табам деген калпыс ой. Алгач, тапкан кирешени кантип пайдаланам дегенди ойлонуш керек. Анан да оңой табылган акчаны оңой коротууга болот. Себеби, ага эч кандай мээнет кеткен эмес. Ошондуктан, бир тыйындан чогултуп отуруп, миллиардер болгондор тыйынды да кетиргиси келбей калышат.

Салыштыруу эң жаман сапат

Эгер мектепте окуган балаңызга, “Баланчанын баласы мыкты окуйт, сен ага жетпейсиң, акылың жок” – дей берсеңиз балаңыз эч качан жакшы окуп кетпейт. Ошондой эле өзүңүздү да башкалардын жасаган ийгилигиндей ийгиликти жасай албайм, колумдан келбейт, — дей берсеңиз өмър бою кейип өтөсүз. Жашоону кандай болсо ошондой кабыл алып, алдыга карап умтулуп, алдыны гана ойлош керек. Ошондо гана ийгиликтерди сиз багынтып, салыштырып жаткан кишилерди чаңыңызда калтырасыз.

Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here