Экс-министр Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионат 10-октябрдан 15-октябрга чейин Болгариянын Пловдив шаарында өтөт. Анда ардагер спортчулар грек-рим жана эркин күрөш боюнча көч сынашат. Ага Кыргызстандын атынан 10 балбан катышат, алардын арасында Мелис Турганбаев, Чынарбек Изабековдор бар.

Эске сала кетсек, өткөн жылдагы биринчиликте Басылбек Мамытбеков, Мелис Турганбаев жана Чынарбек Изабековдор эки коло, бир алтын медаль алып келишкен.

Булак: Спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here