Эки күн мурун Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Кетирекей уулу Алыбек баатырдын эстелигинин ачылышы болуп, 230 жылдык мааракеси белгиленди. 

Белгилүү болгондой 22-23-сентябрь күндөрү Жумгалда  калмактарды кыргыз жергесинен кууп чыккан улут баатырларынын бири Түлкү баатыр уулу Качыке баатырдын 285 жылдык мааракеси чоң деңгээлде өткөрүлгөн. Ал мааракеге барган президенттикке талапкер болуп жүргөндөргө жана алардын ишенимдүү өкүлдөрүнө да эл алдына чыгып сүйлөөгө уруксат берилген эмес. Бул  маараке үгүт учурундагы саясатка тиешеси жок экени мурун эле айтылган…

Муну тиешелүү адамдар туура түшүнүп, сөзгө чакырылбаган соң деп, сахнага өздөрү чыгышкан эмес. Ал эми Ысык-Көлдүк талапкер Арсланбек Малиев болсо алып баруучунун «талапкерлерге сөз берилбейт»- деп айтып жатканына карабастан, «оң колу», ишенген айымы Жылдызкан Жолдошеваны ээрчитип алып, мааракеге Жумгалдан келген өкүлдөр кутукттоо сүйлөп жатышкан учурда сахна эч чакыруусуз эле чыгып алды. Алып баруучу дагы кайталап, сөз берилбесин айтты. Ошого карабастан Малиев менен Жолдошева көк беттенип сахнада түшпөй, 10-15 мүнөттөй турушту. Ал тургай ортого киши салып, сөз алууга аракет жасашты. Бирок анысынан натыйжа чыкпаган соң, боз ала болушуп, акыры сахнаны бошотушту. Мына Маливдин жеткен билими жана кичи мекени Ысык-Көлдөгү кадыр — баркы канча экени ушундай иш-чарадан эле билинип калды. Малиев акыл-эстүү болсо, алгач мааракени уюштуруп, өткөрүп жаткандарга кайрылып, сөз бергиле деп айтып көрбөйбү. Уруксат берсе анан чыкса болмок, сзөнөк букадай болбой…  Аны да кылбай, бетти тултуйтуп, башка чакырылгандар менен кошо сахнага чыгып алып, же ал жерден сөз алып сүйлөбөй ошончо элге-журтка шерменде болду. Ушундай маданияты жок, майдачыл адам президент болом десе, жөн гана күлүкүң келет экен эй… Ансыз деле Малиевдин жолугуушусунда киши деле келбей жатканы, аз эле адамга Жолдошева экөө алмак-салмак  сүйлөгөнсүп жатат. Анан мааракеге чогулган көп адамдын алыдан чыгып, бир үгүт кылып алалы дешкен го, кайрандар. Оңой олжону табышкан экен эй…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here