Кыжылдаган Кытайда акыркы 5 жыл ичинде 1 миллион 300 миңге жакын ар кандай жооптуу кызматарда иштешкен атка минерлер жазага тартылганы белгилүү болду.  Партиялык жана мамлекеттик уюмдардан 155 миңи  катуу текшерүүгө алынып келген. Анын натыйжасынан улам жазалангандардын  648 миңден ашууну  айылдык деңгээлдеги майда чиновниктер болуп эсептелет.  Ошондой эле 65 миңден ашуун коррупциялык иш сотко өткөрүлүп берген. Белгилүү болгондой бул өлкөдө  акыркы эле 10-15-жылдын ичинде  миллиондон ашык каражат жеп, коррупционер делген 100дөгөн атка минерлер өлүм жазсына тартылган.

Ал эми бул маселе бизде кандай? Миллиондорду урдагандар элге акыл айтып, ал тургай алардын айрымдары азыр КР президенттигине талапкер болуп жүрүшөт. Кыскасы, биринчи кезекте коррупция жана жаш балдарды зордуктаган педофилдер үчүн өлүм жазасын мыйзам менен киргизбесе, өлкөдө өнүгүү да, тартип да болбойт! Кийинки президент мына ушул маселени эң ириде эске алуусу зарыл!

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here