Бүгүн Бишкектин четинде жайгашкан Беш-Күнгөй айылында эстарда ырчысы Гүлбү Ороскул кызы менен коштошуу зыйнаты, акыркы сапарга узатуу болду. Анын сөөгү Чоң-Арык көрүстөнүнө жерге берилди. Эске сала кетсек, мындан 1 айдай мурун каза болгон Элмира Кайып кызынын сөөгү да ушул көрүстөнгө коюлган. Эске сала кетсек, белгилүү ырчы эки күн мурун ашказан оорусунан улам, ичине кана толуп кетип каза болгон. Досторунун, туугандарынын айтымында ал каза болгондон 1 күн мурун мугалимдердин майрамына карата уюштурулган кечеде ырдап, бийлеп келип, жакшы эле жүргөн. Белгилүү болгондой Гүлбү айым Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен бир топ жыл түтүн булатып, андан эки кыздуу болгон. Бирок түгөйлөр мындан бир канча жыл мурун эки башка жолго түшүшкөн. Алардын кыздары бой жетип, уулусу тележурналист Мирзат Мукановго турмушка чыгып, жакында эле көз жарганы айтылат. Ал эми маркум Гүлбү айым ак таңдай акындан кийин, экинчи ирет турмуш куруп, укук коргоо тармагында жетекчилик кызматта иштеген адамга турмушка чыккан. ББирок ал тууралуу көп айтылбайт…

Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ырчынын артында эки кызы, бир небереси калды.

Дүйнөдөн мезгилсиз өтүп, 40 жашында кыйган талдай кеткен ырчы эжекебиздин жаткан жери жайлуу, топурагы тороко болсун! Жаратканыбыз ылайым, бейишти насип кылсын!

https://www.youtube.com/watch?v=OjtrFvXkZHs

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here