Бүгүн Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Кетирекей уулу Алыбек баатырдын 230 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Алыбек баатырдын урпактары айылдын кире беришине баатырдын эстелигин тургузушкан. Эстеликти скульптор Мирлан Осмоналиев  жасаган. Ага 500 мин сомдун тегерегинде каражат кеткени айтылууда. Эстеликтин ачылышында куран окутулуп, андан сон расмий ачылышы башталды.

Окурмандарга маалымат катары айта кетсек, Алыбек баатыр 1847-жылы казак ханы Кененсары, Ноорузбайлар кыргызга 20 миң колу менен кол салганда бир катар эрдиктерди көрсөткөн. Ал көзгө атар мерген болгон. 1850-жылдардан кийин Ормон хан менен келишпей калып, Ысык-Көлгө бугуларга өтүп кеткен. Ормон хан Балбай баатыр тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, сарбагыштар менен бугулар аёсуз чабышканы тарыхта белгилүү. Алыбек ошол чабыштада чоң роль ойногон. Алыбекти кийин Ормон хандын уулу Үмөталы өлтүргөн

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here