Эл аралык уюмдардын биринде иштеген Үмүтай Даулетова аттуу кыргыз жараны Кишинев аба майданында паспортундагы катанын айынан тоскоолдукка кабылганын Фейсбук барагына жазып чыкты. Молдова чек ара кызматынын системасы анын документин окубай койгон. Ага паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөн күн – 2026-жылдын 29-февралы календарда жоктугу себеп болгон.

Үмүтай Даулетова Кишиневго эл аралык жыйынга келгенин айтып, башка документтерин көрсөтүп атып эптеп аба майдандан чыккан. Бирок чек арачылар ага өз өлкөсүнө барганда сөзсүз паспортун алмаштырууну сунуштаган.
Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы бул окуядан соң мындай ката системадагы бузулуудан чыкканын, азырга чейин ушундай үч учур болгонун билдирди. Ошондой эле 2016-жылы февралдын этегинде жана марттын башында паспорт алгандарды документин текшерип алууга чакырды

Булак:Кабар 24

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here