Гезиттин өткөн санында ырчы Мээри Шакулина чыгармачылыктан эмнеге алыстап кеткенин, белгилүү ырчы кыздын аралашуусу менен үй-бүлөсүнүн бузулганын айтып маек берген. Мээринин жолдошу, «Добулбас» тобунун ырчысы, аранжировкачы Эдил Маматов да өз чындыгын айтып, редакцияга кайрылды.

«МЕН ЭРКЕКМИН, АЯЛЫМДЫ ЖАМАНДАП МАЙДАЛАНГЫМ КЕЛБЕЙТ»

— Мээрим Шакулиева экөөбүздүн ажырашып кеткенибизге үч жыл болду. Мен эркекмин, аялымды жамандап майдалангым келбейт. Чыгармачылык чөйрөдө он беш жылдан бери иштеп, ырчыларга аранжировка жасайм. Отуздан ашык ырчы менен иштешем. Алар: Гүлнур Сатылганова, Айганыш Абдиева, Малика Дина, Кундуз Канатбек кызы, Элиза Орозова, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Айпери Сыдыкова, Сайкал Садыбакасова жана «Кыз-Бурак» тобунун ырларына да аранжировка жасайм. Өзүңөр жакшы билесиңер, аранжировкачылар кечинде жумуш баштап, таң атканча студияда иштешет. Бир ырды аранжировкалоо үчүн 3-4 күн убакыт кетет. Жогоруда айтылган ырчы айымдар менен иштеше баштаганда эле Мээримдин ызы-чуусу менен жашап калчубуз. «Мен алардын акчасын алып, силерди багып жатам. Андан башка ишти кыла албайм. Сен буга көнүшүң керек» деп айткандарым кулак сыртынан кетчү. Ошентип жүрүп үй-бүлөбүздүн дубалдарынан жарака кете баштады.

«МЕН ДЕЛЕ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ САКТАП КАЛУУГА КӨП АРАКЕТ КЫЛДЫМ»

— Бул аралыкта төрт балалуу болдук. Кийинки эки балам урушуп-талашып, бир нече жолу ажырашып, кайра жарашып жүргөндө тапкан балдарым. Мен деле үй-бүлөмдү сактап калууга көп аракет кылдым. Мээрим биздин жашообузга белгилүү ырчы кызды аралаштырганы таптакыр туура эмес. Анын үй-бүлөбүздүн бузулганына кыпындай күнөөсү жок. Менин жашоомо кийлигишүүгө эч кимдин, анын ичинде Мээримдин дагы акысы жок. Ооба, балдарым бар. Үч жылдан бери аларды үзгүлтүксүз камсыздап, каржылап келе жатам. Мындан ары да аларды карап, билим берип, мыкты азаматтар болуп чоңоюшуна кам көрөм. Бул менин аталык милдетим.

«АЖЫРАШКАНДАРДЫН БИРИНЧИСИ ДА, АКЫРКЫСЫ ДА ЭМЕСМИН»

— Азыркы күндө сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Ал шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыс адам. Таптакыр башка тармакта иштейт. Келечектеги келинчегим апамды сыйлап, жылуу сөзүн айтып, ысык чайын, ысык тамагын берип, төргө отургузуп, сый-урмат кылса деп тилек кылам. Анан да менин чыгармачылыгымды түшүнүп, жок жерден кызганып, 1-2 айлап мээмди чакпаган, болочок балдарымды мага өчөшүп кагып-силкпеген айымга жолуксам экен дейм. Ажырашкандардын биринчиси да, акыркысы да эмесмин. Мен бирөөнүн сөзү же азгыруусу менен үйдөн чыгып кеткен жокмун. Анын себебин Мээрим өзү жакшы билет. Бузулган уяны балдар да калыбына келтире албайт экен. Бул тагдыр. Аны мен өзүм тандадым.
Булак:super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here