Белгилүү ырчы  Клара Алибекова кечээки интернет булактарына   тараган видеодогу  окуя   боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирди.

  “Мен дүкөндөн чыгып бараткан болчумун, бир маалда артымдан бирөө келип мени муунта баштады. Кайрылып карасам мас, бейтааныш адам экен. Ал мени муунтуп, зордуктоого аракет жасады. Жардам сурап кыйкыра турган болсом же каршылык көрсөтсөм өлтүрө тургандыгын айтты”, – дейт Алибекова.

Ырчынын айтымында  алыс эмес жерде милиция кызматкерлеринин унаасы токтоп турганын көрүп калып жардам сурап кыйкырып, аларды көздөй чуркаган. Ошол кезде зордуктоо аракетин көргөн адам качып кеткенге үлгүргөн.

“Мен абдан нес абалда болчумун. Милиция кызматкерлеринин унаасына отуруп абалды айтып берип, зордуктоого аракет жасаган адамды алыс качып кете электе кармагыла деп сурандым. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын артынан түшкөндүн ордуна менин абалымды шылдыңдап, ар кандай орунсуз суроолорду берип жатышты. Анысы аз келгенсип түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшту. Айрымдары мени мас деп ойлоп жатышат, бирок мен ичкен эмесмин. Мас эмес болчумун. Чын, корккондон абалды толук түшүндүрүп бере албай жаттым. Атүгүл алар мени видеого тартып жатканын да байкаган эмесмин. Ошондогу коркуу сезимдерин, абалымды сөз менен жеткирип айтып бере албайм”, – деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ интернет булактарда ырчы Клара Алибековага кимдир бирөөлөр зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу видео тараган. Ал эми ырчыны суракка алган милиция кызматкерлери одоно мамиле кылып аны мазактаганы көпчүлүк интернет колдонуучулардын кыжырын келтирип аны жоопко тартуу керекетигин  жазып чыгышкан.

Ырчы ага кол салуу болгондугу тууралуу жана жардам сурап кайрылган кезде зордуктоого аракет кылган адамды кармоонун ордуна аны видеого тартып, шылдыңдап, ал видеону интернетке жүктөгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазгандыгын кошумчалады.

 Булак:Каганат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here