Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергенов мурдагы өкмөт башчынын тушунда ишиндеги кетирген катачылыктары, шалаакы мамилеси үчүн креслосунан ыргып кете жаздаган. Азыр да көнгөн адатына саганбы айтор, кырдаал оорлошуп, шайлоо шааниси күчөп атса, эч нерседен капарсыз той-аштарга байма-бай каттап, мамлекеттик кызматка кайдыгер карап атканы кандай? «Ашуудан ат алмашпайт» демекчи жогорку бийлик сабрдуулук менен Кудайбергеновдун «кылык-былыктарына» чыдап атыптыр. А  шайлоо бүткөндөн кийин түз эле кубаланып кетчүдөй. Ишенбесеңер күтө тургула. Чогуу күбө болобуз.

Булак: Азия ньюс

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here