Президенттик шайлоодон кийин кимиси жеңишке жетишпесин Спикер Чыныбай Турсунбековду  кызматынан кетирүү күн тартибиндеги биринчи маселе экени айныгыс иш. Буга чейин бир топ саясый күчтөрдүн жинине тийип алган Чыкеңдин азыр маанаайы жок, күн санап отурат, кантип креслосунда калуунун амалын издеп. Миллиондоруң канчалык баштан ашпасын, саясый жактан стратег болбосоң өз шоруңду тартат окшобойсуңбу. Турсунбеков президент Атамбаевге, С Жээнбековго да жаман көрүнүп алган жайы бар экен. «Президент» болом деп опурулганы акыры өзүнө муш болуп тийүүдө. Учурда КСДПнын депутаттары да жаңы жылга чейин  спикерди кетирүү «Барбаросс планын» түзүп алышканы жашыруун эмес. Сыягы көпкө узабай шыпырылганы калды көрүнөт.

Булак : Азия ньюс.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here