Эне гана баарына чыдайт, баарына түтөт экен. Оорукчан бала менен жалгыз бой энелерди абийири чыдап таштап  кете берген аталар кийинки учурда  көп кездешчү болду. Чүй облусуна караштуу Москва районунун 29 жаштагы  тургуну  Наргиза Жолдошева  9 жылдан бери тубаса майып болуп төрөлгөн уулунунун ден соолугу үчүн күрөшүп келет.  ал оорукчан уулу ,тагдыры тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

Менин улуу балам Аман Жолдошев тубаса майып болуп төрөлүп калды. Анын табарсыгы жарылып, төрөлгөндөн бери эле сийдиги булактай болуп агып турат. Мындан тышкары балам белиндеги чуркусу менен төрөлүп , жамбашы чыгып кеткен.

Жолдошум Амандын мындай ден соолугуна чыдабай, таштап кетти. ал кезде аман 2 жашта болсо, кичинекей уулум 2 айлык боюмда бар эле. Атасы балам 2 жашка чыккыча каралашты. Дарыгерлер да үмүттү үзгөн сөздөрдү айтышты. Жалал- Абаддан ооруканага келип кетип жүрчүмүн. Кийин кайын энем да жактырбай калды. Күйөөм болсо бир келип бир кетип жүрүп жок болуп кетти. Ошентип балдарым менен жалгыз калдым. баламдын ден соолугу менен жалгыз күрөшүүгө туура келди.

Дарыгерлер балам төрөлгөндө эле жакшы көңүл бурбай коюшту. «убактылуу багып тур, уулуң көпкө жашабайт» деп шаардык 3-балдар ооруканасына, алар кайра Жалдагы балдар ооруканасына жиберип,ортодо оорукчан балам менен чайналып жүрдүм. Балам 3 жаштан өткөнчө абдан кыйналдым. каражат жагынан өзгөчө кыйналдым. ата энем колунан келген жардамдарын берип кичине дарылатам, же дарыгерлер эч нерсе айтпай  чыгарып коюшат.  Балам 3 жашка чыккыча операция болгон жок.

Анан Жалдагы балдар ооруканасына пол жуугуч болуп ишке орноштум. Менин акыбалымды байкаган бөлүм башчыбыз башкы дарыгер К.Узакбаевге дайындап ошонунжардамы менен балама операция жасалды. Азыр кудайга шүгүр 9 жашка чыкты.

Буга чейин балама 2 жолу операция жасалган. Дагы 7 операция калды. Этап менен болот экен. Бир операция 7миң долларга бааланат.

Уулумду атама таштап коюп Россияга иштегени кеттим. Ортодон 6 ай өтпөй кайра Кыргызстанга кеткенге туура келди. Атам катуу ооруп, баланы караганга киши жок болчу. Туркияга дагы 2 жолу барып иштеп келдим. Балдарымды багуу үчүн айдоо талааларга барып иштейм. Өзүм дагы 3-топтогу майыпмын. Оор нерсе көтөрүүгө болбойт. Бирок айла жок. Уулумду майып арабасына көтөрүп араң салам. Ошого да шүгүр.

Уулумду бул окуу жылында арабага салып алып күн сайын  Ак-Торпок айылындагы Ленин атындагы орто мектепке алып барам. Азыр кайрадан операция жасатууга каражат таппай айлабыз куруп турат.

Амандын апасына  Наргизага көмөк көрсөтүүнү каалагандар 0552392060 номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Булак: Азия ньюс.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here