Нарынбек мырза,  алгач талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он –Адыр айылында өзбектерге кайрылып сүйлөгөн сөзү боюнча пикириңизди угалы. Анын сөзүн коомчулук кыргыз-өзбек улутун кайраштыруу иретинде айтылган деп кабылдап, катуу сындап жатат. Буга көз карашыңыз кандай?

-Биринчиден жок эле дегенде Бабановду президенттик талапкерликтен четтетиши керек. Анткени, ал өз сөзүндө ачык эле кайраштырып жатпайбы. Эмнеге дегенде эки элдин ортосунда 2010-жылдан кийинки Ош окуясындагы бук калып калды. Кайгы бар, өксүк бар. Ал бизге билинбеген менен жабыр тарткандардын жүрөгүн жаралап кала берди. Бийлик бул окуяга толугу менен саясый баа берген жок. Чырылдап  кала беришкен. Эл албетте, кандай болгон учурда да тынчтыкты каалайт! Бирок ушуга окшогон чагымчылар чыга берсе, жаман окуя кайра кайталанып кетиши мүмкүн. Бабанов өзү, командасы баштап, ал айтылган сөздөрүн танып, монтаж деп жатат. Бирок ал сөздөрдү ошол жерде миңдеген адамдар угуп олтурушту. Андыктан, актануунун да чеги бар да.

Ал эми Бабановго тандемдеш болуп кошулган Төрөбаев негизинен өсчү жигит да. Бирок дагы да болсо жаштык кылып, ары урунуп, бери урунуп, ар кимге кошулуп, улам жаңылып келатат. Ал Бабановго экинчи ирет кошулуп, алданды. Уткан жок, утулду.

Негизи түндүк-түштүк деген сөз мурун жок болчу. Бул сөз Бакиев бийликке келгенде башталды. Ал сөздү Бакиев өзү баштаган жери жок, бирок анын жанындагылар, маселен Үсөн Сыдыков баштап  бул сөздү кеңири колдонуп, элге жайылтып жиберишти. Эл өзү бөлүнбөйт, элди ушул саясатчылар бөлөт. Бул сөз, мындай экиге бөлүүнү эч качан жакшылыкка алып келбейт. Мына, Түндүк Корея менен Түштүк Корея эмне болуп жатат. Ансыз да биздин тарыхыбызда алакандай элбиз, уруу-урууга бөлүнүп, бирин-бири кемсинтип, кырып, талашып-тартышып келген. Ошол деле жетиштүү бизге…

-Бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков тууралуу эмне айтасыз?

-Эл да байкап жатат, мен да байкадым. Сооронбай Жээнбековдун элге чыгып сүйлөгөндөрү жалындуу болбой жатат. Сөзгө чоркогураак экен. Ошол эле учурда Бабановдун сүйлөгөнүн карагыла, калпты-чынды койгулаштырып, элди муютуп жатат. Бирок Жээнбеков башка талапкерлерге салыштырмалуу таза экен, артынан ар кандай кепти ээрчиткен жок. Ал ушунусу менен элге жакын болуп турат. Бабановдун Он-Адырда чыгып өзбектерге сүйлөгөн сөзүнөн кийин Жээнбеков эле бирден-бир талапкер болуп калды окшойт. Калган талапкерлердин көбү соода үчүн баратат. Негизи көп саясатчылар мындай шайлоо учурунда байышат.   Ал эми мен өз позициямды мурун да  айткам, азыр да айтайын. Азырынча мен ойлогон, мен колдогон татыктуу талапкер жок. Ошон үчүн мен эч кимисин колдоп, бирөөнө да жан тартканым жок.

Келдибековду жакшы билесиз? Ал эки жакка кошулбай эле, жалгыздап калды окшойт…

-Ал ушундай кадамы менен накта жигиттик кылды. Ал деле башкаларга окшоп, соодалашса колунан келмек. Мүмкүнчүлүгү деле бар болчу. Бирок бул саясаттын шартын көрүп жатат. Даана саясатчы катары байкап турат. Биринчиден ага элдин алдында акталышы керек. Себеби, элге Келдибеков жеди, ичти деген сөз түшүнүк тарап кеткен да. Ошол түшүнүктү, мыйзамдын алдында эмес, элдин алдында жуушу керек. Ал ушуну көздөп жатат. Кийинки парламенттик шайлоого даярданып чыгат деп ойлойм.

-БШКнын аракеттерине, ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

-БШКны айтат элем, өз милдетин так аткара албай, чабал иштеп жатат. БШКдагы Бабановдун кишилери өздөрү койгон талап-максаттарга ар кандай жолдор менен болсо да жетип жатышканы байкалып жатат. Жалпысынан алганда БШК алсыздыкты көрсөтүп турат. Бул жетекчиге да байланыштуу эмеспи. Мисалы, мурунку жетекчилер Акылбек Сариевди деле «Ата-Журтту» өткөрбөө боюнча кыйнашкан да. Ошондой болсо да, ал абийрине камчы чаппай, өз позициясынан тайган жок. Туйгуналы Абдураимов деле позициясын бек кармап иштеген. Ал керек болсо шайлоодо утуп, жеңип келген раматылык Рысбек Акматбаевге да мандат бербей койгон. Азыркы жеткечисинин үнү чыккан жок. Көбүнчөсү эле Бегматов, Журабаева, Осмоналиев үчөө эле сүйлөп жатат. Кээде үчөө такыр үч башка сүйлөшөт.

Азыр административдик ресурска караганда акчанын күчү, шайлоочуларды сатып алуу үстөмдүк кылып, натыйжалуу болуп кетти деген пикир көп айтылууда. Сиз эми парламенттик шайлоого бир эмес, үч ирет катышкан адамсыз? Бул боюнча эмне айтасыз?

-Шайлоодо шайлоочуларды, добуштарды сатып алуу болбойт дегендин өзү таптакыр туура эмес. Баары бир сатып алышат. Элдин ичинде көп эле адамдар сатылат. Анткени, айыл жерлеринде завод-фабрика жок болсо, иш жок болсо эмне кылат. Миң сомго да муктаждар аз эмес. Тамекиси 1 айга чейин бекер болуп калса, ошого сүйүнгөндөр четтен табылат. Мейли эл сатылсын. Милиция аларды кармай да албайт, жетишпейт дагы. Бирок алчусун ала берип, добушту татыктуу адамга бере беришсин. Таза шайлоо дегенди  мындай кылышса: автомат урнадан чыккан протоколдордун (окшошсо, окшопосо дагы) кайрадан колго санап туруп, анан бардык жыйынтыктарды шайлоо участкаларына эл көрсүн деп илип коюшса жакшы болмок. Эл ошондо көрмөк автоматтык урнадан чыкканы менен, колго саналган жалпы жыйынтыкты. Мен жакшы билем. Бир үгүт учурунда адам эмес,  бир чоң партия элге жолугуу үчүн барганда араң 7-10 миң адам келчү. Азыр 40 миңге чейин келип жатат. Анын дээрлик баары эле концертке, бекер тамакка, акча таратса акча алганга келишет. Мына акчанын күчүн караңыз.

Ал эми админстративдик ресурстун күчүнө мен көп ишене албайм. Демек, ага караганда акчанын күчү жогору болуп кетип жатканын турмуш өзү көрсөтүп жатат. Себеби, мен 2007-жылы  «Ак жол» партиясы менен Нарында ЖК депутаттыгына талапкер болуп калдым. Ошондо биз административдик ресурстун күчүнө ишенгенбиз, таянганбыз десем да болот. Бюджеттик мекемелерде иштегендердин саны 8 миң киши болчу. Мен ойлогом ошонун баары эле салат деп. Ошон үчүн мен башкалар менен иштедим. Бирок жыйынтыгында ошол 8 миң адамдын 2 миңин эле алдым. Мени район колдоп кетти, анткени биз районго бир топ иш жасаганбыз.  Калганы «Ата-Мекен» башкага салышты. Азыр деле ушул сыяктуу. Элди административдик ресурс менен коркутуп, алдап, кыйнай албайт. Бирок жыйынтыкты жасап коюш, башка маселе. Анткени, эл ошол электрондук урнага ишене албай жатпайбы. Айрым учурларда жыйынтыктарды эки башка чыгып калганы ар кандай ойго жетелеп жатат.

Эл өзү билет, кимге салышты, кимге тандашты. Бирок ошондой болсо да, бул шайлоодо акча маселеси эң негизги ролду болбой эле ойноп кетерин эске алалы. Эл анча-мынча акчаг сатылбашы зарыл. Күнүмдүк жашоону эмес, келечекти ойлош керек!

Сиз шайлоонун алдында түндүктөн чыкан бир топ саясатчыларды, партияларды бириктиргенге аракет кылдыңыз. Ал максатыңыздын жыйынтыгы эмне болду?

-Туура, мен бул маселенин үстүндө иштедим, аракет кылдым. Алгач «Эмгек», «Кыргызстан» жана «Замандаш» партияларын бириктиргенге далалат кылдым. Алты ай чуркап, бир топ кадамдар чечилип калган. Ошондой эле түштүктөн чыккан бир катар партиялар менен да сүйлөшүү жүргүзүп, баарынын башын бириктирүүнү көздөгөм. Баары эле макул болуп калган эле, бирок бир канча себептерден улам азырынча бул максат ишке ашпай калды. Бирок мен ишенем, кийинки шайлоолордо бул партиялар сөзсүз биригет. Себеби, багыт ушул тарапка согуп турат…

Жогорку Кеңештин депутаттары кворум болбой, эки жумага тарап кетишти. Буга нааразы болгондор көп. Сиз кандай пикир айтасыз?

-Эмнеге тарап кетишет? Каратып туруп мыйзамды бузуп жатышпайбы. Мамлекеттен акча алып жатышат, айлыгы жүрүп жатат, ошолор үчүн килтейген аппарат күжүлдөп иштеп жатса, бул өз талапкерлерин сүрөп тарап кеткени такыр туура эмес. Андай болсо, айлык албай тургандай болуп, тарашса болмок. Негизи эле бул чакырылыш башынан бери эле кворум маселеси менен абдан «ооруп», элди нааразы кылып келатат. Ошон үчүн Башкы мыйзамды өзгөртүп жатканда 120 депутатты жок дегенде 60ка же, 75ке чейин кыскартканда эл да ыраазы болмок.  Бул депутаттар айтып олтурса, кызык көп. Элге мактанып, шоопур менен, машинадан баш тартышканы менен, бирок машина жана шоопурга да айлыгынан тышкары 40 миң сом кошумча акча алышат экен. Мунун эмнеси кыскартуу. Андан көрө машина менен эле жүрө беришпейби. Же болбосо, экинчи жардамчыларын кыскарттык дешти, кыскарттык дегени  менен ар бир фракциянын секретариатын ачып, ошончо адамга штат ачып коюшту. Кыскартуу ушулбу?

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here