Акыркы учурда башы ооруган адамдар абдан көп болууда. Айрыкча балдардын арасында баш оору күч алып, анын себептери ар кандай. Компьютерде кечке отуруу, майлуу жана куурулган тамактарды жегенден улам, төрөттөн алган травма, тамеки чегүү, наркотика колдонуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү баш оорунун себептери.

Ар кандай оорулардын көп кезигүүчү белгилеринин бири. Баш оорунун мүнөзү аны пайда кылган себептерге жараша болот. Кан тамыр ооруларында (гипертония, гипотония оорулары, шакый) баш лукулдап ооруп, чарчаганда, алкоголь ичкилигин ичкенде, тамеки тартканда, ошондой эле ызы-чуу, кескин жыт, өтө жарык таасир эткенде күчөйт. Гипертония оорусу менен ооругандарда уктап турганда көбүнчө баш салмактанып, кежиге ооруйт. Шакыйда приступ түрүндө кармап баштын бир жагы ооруйт. Көп учурда ички секреция бездеринин функциясы бузулганда, аялдардын этек кири келген же климакс мезгилинде да баш ооруйт. Караңгы жерде иштөө, алысты начар көрүү, көз оорулары, мисалы, глаукома баш оорунун себептери болуп эсептелет. Желке жана үч ача нервдердин невралгиясында бет жана желке сайгылашып, ачышып ооруйт. Мээ жана анын кабыгы сезгенгенде кусуп, дене абдан ысып, баш катуу ооруйт.

Мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, баш сөөк-мээ травмасы да баш ооруга себеп болот. Андан сырткары баш оору ар кандай жугуштуу ооруларды, ууланууну, нервдин бузулушун, ички органдардын ооруларын коштойт. Такай ооруса врачка кайрылуу зарыл. Анын себебин таппай, өзү билгендей ооруну басаңдатуучу дарыларды колдонуу, ден соолукка тескери таасир тийгизет.

Оорунун алдын алуу

Компьютерде бир калыпта узакка отуруу адатын таштоо (Эгер буга муктаждык болсо, анда көнүгүүлөрдү жасап, нары-бери басып туруу, укалатуу курсун алуу, бассейнде сүзүү кажет). Стресске кабылган учурда өз убагында арылышы керек. Көп убакытка созулган стресс баш оорунун негизги себеби болот. Малдын майын рационго кошпой койгон эӊ жакшы. Анан дагы спорт менен машыгып туруу баш ооруну алдын алат.

Атеросклероз

Атеросклероз – бул артериалдык кан тамырларынын биринин май түйдөкчөсү  менен бүтөлүп, кандын сызылып аз өтүп, бара-бара кан тамырдын ичкериши. Биз малдын майын, семиз этти көп колдонсок, анда кандын курамында зыяндуу май да көп болот. Ал майлар (липиддер) кан менен кошо кан тамырда жылып жүрүп, анан артериянын бир жерине жабышып калат. Ага башка липиддер жабышып, май түйдөкчөсү жаралат. Ошондон улам мээге кислород аз барып, мээ чыӊалып баш ооруйт.

Жогорку кан басым

Мээге кычкылтек менен азык-заттар керектүү өлчөмдө барбай баштаганда бүтүндөй жүрөк-кан тамыр системасы мээни аталгандар менен камсыздоо үчүн күчтөнүп иштейт. Мээ кандан алардын керектүү өлчөмүн алып калып, калганын кайтарып турат. Мээ чарчап, процессти көзөмөлдөй албай калганда кан көбүрөөк барат да, мээдеги басым жогорулап, баш катуу ооруйт. Эгер кан кан тамырды жарып кетсе, анда инсульт жаралат. Дароо «Тез жардам» чакырбаса, адам көз жумат.

Жогорку кан басымы

Белгилери. Баш оорунун эң көп кездешкен бул түрүндө эки жактан кысып жаткандай баштын өйдөңкү бөлүгү жана кежиге ооруйт. Көбүнчө эртең менен же катуу стресс алганда кармайт. Бул учурда адам эки чекесин кармап, башы артка тартылгандай болуп чалкалай берет. Оору жарым сааттан бир жумага чейин созулушу мүмкүн. Убагында дарыланбаса, адам инсульт алып калышы ыктымал.

Себеби. Катуу стресс алганда, дайым депрессияда жүрсө же баш менен моюндун булчуңдары жаракат алганда пайда болот. Айрым учурда жогорку кан басымы тукум кууйт.

Дарылоо. Баш оору башталганда ооруну басаңдатуучу дарыларды ичип жүрүү туура эмес. Бул учурда дарыгерге барып кан басымын текшертиңиз. Кан басымынын дарысын анын көтөрүлүп же түшкөнүн билбей туруп ичпеңиз. Таза абада сейилдеп, жеңил физикалык көнүгүүлөрдү жасасаңыз болот.

Баш сөөктүн ичиндеги кан агуу

Белгилери. Капысынан баштын ар кайсы бөлүгү, өзгөчө кежиге катуу ооруп баштайт. Андан соң адам уйкусурап, алсырайт. Эгер кан агуу баштан алган жаракаттан улам пайда болсо, анда кандын агуусу көбөйгөн сайын көздүн көрүүсү начарлап, сүйлөй албай булдуруктап, көңүлү айнып кусканы токтобойт. Акырындык менен кабыл алуусу начарлап, суроолорго кеч жооп берсе, бирине жооп бербейт. Жыйынтыгында эс-учун жоготуп кулайт. Эгер оору өтүшүп кеткен болсо, анда капысынан эле эс-учун жоготуп кулап калышы мүмкүн.

Себеби. Баштын кан тамырлары жаракат алганда, кан басымы жогорулап кан тамыр жарылып кеткенде, баш сөөктүн ичинде пайда болгон шишик чоңоюп жарылып кеткенде, кан менен камсыз кылуу жетишсиз болгон кезде, кокаинге көз каранды болгон учурда пайда болот. Бирок басымдуу бөлүгү аны тез эле байкай алышпайт. Кан тамыр жарылып кеткенде гана анын кансырап калганы билинет.

Дарылоо. Дарыгерлер баш сөөктүн ичинде пайда болгон гематома мээни сыкпаш үчүн аны тазалайт. Бул учурда дарыгерлер кан агуунун себебин аныкташат. Эгер кансыроо кулагандан кийин пайда болсо, анда ал кийин кайталанбашы мүмкүн.

Ышталган азыктар баш оорунун душманы

Сыр, ышталган балык, колбаса, тооктун боору, кызыл шарап, жаңгактын курамындагы тирамин аттуу амин кычкылы баш ооруну күчөтөт.

Шоколаддын курамындагы фенилэтиламин заты баш ооруну пайда кылат.

Тамакка кошулуучу кошулмалар, иштелип чыккан азык-түлүктөр, өзгөчө кытай ашканасынын соустары да баш ооруну чакырат.

Аспартамдын курамындагы Е 961 заты да баш ооруну күчөтөт. Аспартамды сагыз, газдалган суусундуктар, айрым таттуулардын курамынан кезиктирүүгө болот.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here