Жумгалда Качыке баатырдын 285 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленди…

Кыргызда: “Арбак ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши оңолбойт” деген таасын кеп бар.  22-23-сентябрда Жумгал районунун Байзак айылында калмак-жунгар баскынчылыгына каршы күрөшкөн улут баатыры Түлкү уулу Качыкенин 285 жылдык мааракеси өттү. Өмүрүн кыргыз элин коргоп, жерин сактоого арнаган баатырдын арбагы козголду. Маараке өткөн Байзак айылындагы айдыңдын  түндүк-батыш жагында Качыке баатырдын кара тоосу жайгашкан. Эл оозунда бул асман тиреген тоо Качыке баатырдын кароол чокусу болгондугу айтылат. Адамдын буту оңой-олтоң жетпеген бийик тоону баатыр жайкысын кез-кези менен жайлап турчу экен. Ал эми Качыке баатырдын сөөгү айылдын түндүк-батышында коюлган. Айылга бараткан жолдун боюна баатырдын күмбөзү тургузулган. Мааракеге алыскы-жууктан келген меймандар алгач баатырга арналып тургузулган күмбөздө куран окуп жатышты.

Маараке саат 9:00да Качыке баатырга арналып, мамлекеттик жол боюна салынган күмбөз-эстеликке куран окутуудан башталды…

Мааракенин расмий салтанатында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Адыл Сапаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов сөз сүйлөп, мааракени уюштурган Жумгал элине ыраазылык билдирип, куттуктоо жолдошту. Андан соң коомдук ишмерлер, санжырачылар, тарыхчылар Качыке баатырдын тарыхтагы орду тууралуу кеңири кеп кылышты. Мааракенин ардактуу меймандарынын бири Жолдошбек Сооронбаев: “Качыке баатырдын урпактары күмбөздү мыкты салыптыр. Өзгөчө анын жанындагы кара мрамор ташка Качыке баатырдын таржымалы жазылганы миң жылдык. Качыкенин ата-бабалары дагы, бала-бакыралары дагы баатырдык менен Жумгал элине эле эмес, жалпы кыргыз элине чоң кызмат кылган адамдар” – деп белгиледи. Ал ошондой эле Асанбек Стамовдун “Хан Тейиш” деген аталыштагы китебинен мисал келтирип, санжыра кептеринде айтылган Качыке баатырдын эрдиктерине токтолуп өттү.

Мааракеге Кыргыз Республикасынын тарыхчылар ассоциациясынын өкүлдөрү дагы  келишкен. Аталган ассоциациянын Президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов мааракени уюштуруп жаткан Качыке баатырдын урпактарына ыраазылык билдирүү менен, ассоциация окуу китептерин жазуу менен алектене тургандыгын айтып өттү. Ал өз сөзүндө: “Кыргызстан эгемендүүлүккө чыккан мезгилдеги жарык көргөн окуу китептеринде, жогорку окуу жайынын окуу китептеринде Качыке баатырдын ысымы бир-эки жерде гана айтылат. Качыке баатырдын ким экени жалпы коомчулукта кеңири айтылбай келген. Баатырдын ысымы мектеп окуучуларына жетпей келе жатат. Эмне үчүн Качыке баатыр эскерилбей жүрөт? — деп тарыхый булактарды карап чыктык. Качыке баатыр Жайыл баатыр, Садыр баатыр, Эсенгул, Бердике, Атаке баатырлар менен замандаш  болуп калмактарды кыргыз жеринен кубалап чыгууга чоң  салым кошкон баатыр болгон экен. Кыргыздын жерин, чек араларын кеңейтип сактап калууда улуу баатыр бабаларыбыз менен кошо Качыке баатыр бабабыз өзүнүн эрдиктерин көрсөткөн. Качыке баатырдын ысымы мааракеден кийин унутулуп калбай, оку китептерине киргизилиши керек” – деди. Профессор өз кезегинде  Ассоциациянын атынан окуу китептеринде кеңири чагылдырууга убада кылды.

Ал эми Качыке баатырдын урпактарынын жана ушул мааракенин уюштуруучуларынын бири  Канатбек Турганбеков: “Качыке атабыз унутулуп баратат, күмбөз салып, мааракесин белгилеп коёлу деп 2015-жылы демилге көтөргөнбүз. Качыке атанын урпактары, Жумгал эли баары бирдей жапатырмак көтөрүлүп, ушул мааракени өткөрүп жатабыз. Качыке баатырдын арбагы ыраазы болсун! Тилегиңер Кудайдын кулагына жетип, максатыңар орундалсын!” – деген жылуу сөздөрүн жолдоду.

Улут баатырына арналып мамлекеттик стратегиялык жолдун боюна салынган күмбөз-эстеликтин негизги демөөрчүлөрү жалпысынан Качыке баатырдын урпактары экени, бирок анын ичинен өзгөчө чоң салымды  кыргыздын камчыга сап уулдары Канат Турганбеков менен Нурбек Сыдыгалиев кошконун айта кетели.

Улут баатырына арналган улуттук оюндардын байгесине 5 автоунаа жана миллион сом коюлду

Айтмакчы, баатырдын урматына: аламан, жорго, кунан чабыш, көк бөрү, кыргыз күрөш, эр эңиш, кыз куумай оюндары уюштурулган.

Ал эми мааракени өткөрүүгө жана улуттук оюндардын байгесине беш автоунаа жана 1 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалган.

Караанын Кудай колдогон,
Калкым деп чыккан ордодон,
Кабылан баатыр Качыке,

Калмактан элин коргогон – деп ыр Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев жазгандай баатыр Качыкенин урматына өткөрүлгөн улуттук оюндарга республиканын ар кыл аймактарынан өкүлдөр келип катышышып, оюндар эң жогорку деңгээлде өттү.

Кыргыз күрөш: бука моюн, буура сан балбандардын таймашы

Кыргыз күрөштө 75 кг салмакка чейинки балбандар күч сынашып, 1-орунду  (70 миң сом байге)Жумгал районунун тургуну Санжар Аманов  женип алды. 2-орунду (40 миң сом)Таластан  келген Нурислам Идирисов, 3-орунду (30 миң сом байге) Бишкек шаарындагы КУУнун студенти Темирлан Салмоорбеков камсыз кылышты.

Ошондой эле 75 кг салмактан жогорку балбандар  арасында 1-орунду  (автоунаа “Сёмёрка”)Жумгал районунан Бекболсун Кушубеков, 2-орунду (байгеси 70 миң сом) Талас шаарынан Болот Токтогонов, 3-орунду (байгеси 30 миң сом) Бишкек шаарынан Нияз Курманкулов жеңип алышып, акчалай байгелер менен сыйланышты. Бул жерде айта кетчү нерсе, финалга чыкка жумгалдык балбан Бекболсун мырзага жол бошотуп берди, мунун себебин ал “күйөө балам менен кармашпай эле коёюн” –деп түшүндүрдү. Эр экен. Бирок ал буга чейин  күрөштөн 19 машине утуптур, демек 20чысын күйөө баласына бердик десек болот.

Эске сала кетсек, улут баатырына арналган кыргыз күрөш 22-сентябрда башталып, 23-сентябрда финалдык оюндар өттү.  Байге үчүн күч сынашкан балбандардын саны көп болду.

               Кунандар куушуп, жорголор жол талашып…

Ал эми кунан чабыштын жыйынтыгында 7-орунга Дыйкан айылынан, 6-орунга Аламүдүн айылынан, 5-орунга Жумгал районунун Байзак айылынан, 4-орунга Бишкек шаарынан алынып келинген кунандар чыгып, ээлерине сыйлыктары тапшырылды. 3-орунду Кара-Балта шаарынан келген Алмазбек Ногойбаевдин кунаны ээлеп, 30 миң сом акчалай сыйлык, 2-орунду Сокулук районунун Күн-Туу айылынан келген Каныбек Бегалиевдин кунаны алып, 50 миң сом акчалай байге менен сыйланышты. Ал эми 1-орунду Жумгал районунун Байзак айылынын уулу Сагындык Сулаймановдун кунаны ээлеп, автоунаага (“Семёрка”) ээ болду.  Жалпысынан 12 чакырымга чуркаган кунандарды саны 40тын тегереги болду.

Жорго салыш боюнча таймашта 3-орунга Кочкор районунан келген жорго чыгып, 30 миң сом байге алса, 2-орунга Ысык-Көлдүн Бостери айылынан келген жорго, 50 миң сом байгеге, 1-орунду Жумгалдын Байзак айылынан келген атактуу “Вулкан” аттуу жоргонун ээси жеңип, автоунаа  (үлгүсү  “Ниссан”)менен сыйланышты. 12 чакырымга чуркаган жорголордун саны 15тей болду.

Күлүктөн күлүк ашса, төрт аягы тыбырайт…

Аламанга түшкөн күлүктөрдүн саны 25тен ашып, алар 20 чакырымга чуркашты. Байге боюнча мелдештин жыйынтыгында 4-орунду Жумгалдын Таш-Дөбө айылынан келген күлүк алып, 20 миң сом, 3-орунду Талас облусунан келген күлүк  камсыздап, 40 миң сом, ал эми 2-орунду Чаек айылынан келген күлүк жеңип, 80 миң сом байге алышты.

1-орунга Ысык-Көлдөн №54 жылкы заводунан келген күлүк чыгып, кожоюну автоунаанын (үлгүсү “Хонда”) ээси болду.

                    Көк-бөрү эр жүрөктөрдүн оюну

Ал эми Көк-бөрү оюнунда жалпысынан 7 команда катышты. Финалган чейинки оюндар 22-сентябрда болуп өттү. 23-сентябрда финалдык оюн болуп,  баш байгеге коюлган БМВ үлгүсүндөгү автоунааны Сокулуктан келген команда утуп алды. Экинчи орунга коюлган 100 миң сом байгени Жумгалдын командасы, үчүнүч орун 50 миң сомду Таластан келген команда утту.

Мындан тышкары, Эр эңиш оюнуна жалпысынан 30 миң сом байге коюлуп, биринчи орунду Ак Талаа, экинчи орунду Жумгал, үчүнчү орунду Нарындан келген балбандар ээлешти.

https://www.youtube.com/watch?v=bUrOLqRrEeY

 Мыкты бозүйлөргө 150 мң сом байге

Ошондой эле кыз куумай оюну да болуп, кыздар жеңишке жетишти. Дагы бир элдин чоң сөзүнө арзыган сынак   — бул мыкты боз үйлөрдүн сынагы болду.  Жалпы 150 миң сом коюлган.

Жалпысынан  кара суунун оң жак, сол жак жээгине кыдырата тигилген 60тай боз үйдүн 10го жакын мыкты боз үйү өзгөчө деп табылып, 1-орунга 40 миң сом, 2-орунга 30 миң, үчүнчү орунга 20 миң сом берилип, калгандарыда акчалай сыйлыктан кур калган жок.

              Баатырдын балаларына жана  урпактарына баракелде…

“Баатыр өлөт, артында даңкы калат”  -дегендей Качыке баатырдын көзү өтсө да, анын артында ысымын даңазалап, муундан муунга аңыз кылып түбөлүк калтырган урпактары, эли калды. Тарыхта аты клаган көп эле улуттук баатырларыбыз бар. Бирок алардын арасынан баатырдын аты менен аталып калган, асман тиреген тоолор өтө сейрек болсо керек. Айтайын дегеним, Жумгалдын  кайсы айылына барсаң да, ошол жерден “Качыкенин кара тоосу” деп аталган калдайган, асман тиреген тоо бар. Азыр адам буту оңой менен жетпеген ал тоого кезинде Качыке баатыр атабыз жайкысын жайлап, кароол чоку катары сырткы душмандарга көз салып турчу экен.

Качыке баатырдын ата-бабалары,  кийинки урпактарына чейин эл башкарып, баатыр аталып келди. Алар тууралуу учкай тайсак мындай: баатырдын төртүнчү атасы Кулжыгач бий. Андан Итэмген, Сүтэмген аттуу эгиз баатырлар. Бул эки баатыр жолборс чаап, калмактардын баскынчылыгна каршы турган баатырлардан болуп эсептелет. Кыргыз-калмак согушунда  окко учуп, жашыраак каза тапкан Сүтэмген баатырдан  – жалгыз эркек Чапкынчы. Чапкынчынын 13-14 баласы болгон . Бүгүнкү күндөгү ейлек, Баткен, Жалал-Абад, кыскасы түштүк тараптагы саяктар ошол Чапкынчынын балдарынан тарашкан саяктар. Ал эми Итэмген атасынын ордуна бий болуп, элин бир топ жыл башкарган. Итэмгенден Айт-мергенчи. Айттан – кадимки Түлкү баатыр. Түлкү баатыр тууралуу сөз көп. Маселен анын: калмактар менен жигердүү  чабышканы, жолборс чапканы, Саанчы сынчыга 14 жаштагы кызды сынатып алганы, 1758-жылы Кытайга элчиликке барган, элге узак жыл бий болгону ж.б.

Эми ошол Түлкүдөн: Качыке баатыр, Кедей, Ажыбек, Шайыбек, Карагул, Көккөз. Качыке баатырдын 3 аялынан: Абайылда, Сасыкбай, Садык, Мамаке, Эңкелеч, Дөөлөт, Эраалы, Кооман, Карабердиш, Нуке, Шертай, Байбото, Айтак… Эраалы атасын тартып баатыр чыккан, жолборс чапкан. Жаш кезинде Ормон менен жекеме-жеке эр сайышка чыгып, аны ыргыта сайып, Жумгалга алып келип, 8 ай орго салган. Тайлак баатыр менен бирге сырткы душмандарга каршы күрөшкөн. Ал эми Качыке баатырдын ата –тегинен бери келаткан бийлик-кызмат улуу баласы Абайылдадан тараган тукумдар менен совет доору орнгончо уланды. Алар: Черикчи бий, Дыйканбай бий, Чойбек болуш, Мырзабек болуш, Турусбек болуш…

Бүгүнкү күндө Жумгал өрөөнүндө  жана Чүй, Бишкекте Качыке баатырдын төрт миңдин тегерегинде урпактары жашап, байгерчиликте өмүр сүрүп келишет. Баатырдын миңдеп саналган урпактарынан ичинен да эге кызмат кылып, тың чыккан эр –азаматтары аз эмес…

Г.ТУРДАЛИЕВА, А. ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here