-Социалдык желелерде ушул инсандардын сүрөттөрүн көрүп ойго баттым. Өмүрлөрү кыска болду, бирок ар бири Кыргызстандын сонку жаны тарыхында өзүнүн изин калтырды…
Алманбет Анапияевди тааныбачым элем.
Рыспек Акматбаев менен бир жолу гана жолукканмын. 2004 жылы октябрь айында бир туну саат 2де мен урматтаган Жогорку Кеңештин депутаты ойготту. «Мен учун Рыспек менен жолугуп койчу! Мен убада берип койдум эле» — деп суранып калды. «Барбайм» десем уйдон кетпей койду. «Эльдорадо» эс алуу борборуна бардык. Депутат машинанын ичинде калды. Ичине киреп барсам — бассейндин жанында Рыспек кутуп олтурган экен.
Экообуз бир сааттай суйлоштук. Ал менден «Ажы аке, мени Аскар Акаевке киргизип коё аласызбы? Душмандарым мени кылмышкер катары корсотуп жатат. Мен кылмышкер эмесмин. Ошону тушундуруп коюшум керек» деп суранды. «Иним, мен оппозициядан шайланган Омбудсменмин. Акаевдин талапкерлери отпой калган, ал мени жаман корот» деп жооп бердим. Бирок Рыспек болбой: «Ажыке, жуз мин доллар берейин. Мени Акаевге жолуктурунузчу! Сиз Омбудсмен катары президентке кире аласыз да» деп кайра-кайра суранып жатты. Ага ачыгын айттым: «Рыспек иним, акчандын кереги жок, анткени мен Омбудсмен болсом, ажы болсом, кантип президентке «ОПГнын лидерин кабыл алып коюнузчу?» деп айтам?!». Акыры ага: «Сени кабыл ал дебей эле Омбудсмен катары сага козголгон кылмыш ишти озунуздун козомолунузго алып адилеттуу карап бериниз» деп Акаевден суранайын. Анткени сен жонундо кылмыш иш туура эмес козголгон деп менин дарегиме Ысык-Кол районунун 3,5 мин тургунунан арыз келген» деп айттым жана коштошуп туруп кеттим. Уйго жеткенге чейин депутат мени урушуп келди…
Созумдо туруп 2004 жылы ноябрь айында А.Акаевге эки маселе боюнча кирип чыктым. Биринчиси — Феликс Куловду турмодон чыгаруу боюнча. А.Акаев бошотуудан баш тартты. Экинчиси — Рыспек Акматбаевдин иши боюнча. Элдин арызы менен таанышып жана менин отунучумду угуп А.Акаев озунун администрация жетекчисин чакырып анын кылмыш ишин кайра жана адилеттуу текшерууну тапшырды…
PS. 2005 жылы март тонкоруштон кийин Генпрокурор Азимбек Бекназаровго «ИИМ куноолоп жаткан кылмыштарды жасаган жокмун» деп оз ыктыяры менен келген. А 2006 ж январь айында 1-май сот аны актады…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here