-Баяман Эркинбаев менен 1990 — жылы Ош окуяларда таанышканбыз. А 1991 — жылы мен Украинада аспирантураны аяктап, философия боюнча илимий диссертацияны жактап келгенимден кийин Ош мамлекеттик университеттинде ишимди улаганы келгенимде кененраак тааныштык. Кандуу окуядан кийин кыргыз менен озбекти жараштырабыз деп эки тараптан неформалдуу лидерлер чогулган. «Турк-Атанын балдары» деген эл аралык кайрымдуулук уюмду тузолу деген чечимге келдик. Бир тараптан Кыргызстандын туштугунун кыргыз жана озбек улуттарынын формалдуу эмес лидерлери, экинчи тарабынан — Озбекстандын Фергана ороонунун формалдуу эмес лидерлери жана бийликтин окулдору.
Уставды жазууну жана юстиция министрликте уюмду каттоодон откорууну мага жуктошту. Курултайда Кыргызстан тарабынан тен-президент Толонов Арапбай, вице-президенттери катары Б.Эркинбаев, озбек Адылжан аке жана мен шайландым. Бир ай Кыргызтандын жергесинде эки улуттун массалык жолугушуусу болсо, экинчи ай — Озбекстандын коншулаш жергесинде. Жапа тарткан озбек жана кыргыз жарандарга материалдык (азык-тулук, комур, кийим-кече) жана акчалай жардам берилип атты.
Уюм озунун ишин 1996 — жылы токтотту. Анткени Арапбай аке менен Баяман Жогорку Кенештин 1-чакырылышынын Эл окулдор жыйынына, а мен Мыйзам чыгаруу жыйынына 1995 жылы шайландык. Себеп: «Жогорку Кенештин депутатынын статусу жонундо» мыйзам депутаттык ишмердуулуктон башка иш менен алек болууга тыюу салган (мыйзамды озум жазган болчумун).
Баяман экообуз ортобузда келишпестик 1999 — жылы Баткен согушунда пайда болду. Туткунга тушкон генерал баш болгон жоокерлерди жана котормочу менен жапон геологдорду бошотуу жонундо экообуздун коз-карашыбыз башка-башка болчу. Мен Ооганстанда Талибан жана ИДУнун башчылары менен оор суйлошуулорду откоруп келип Тажикстандын Хаит жана Жергетал райондорунан Жумабай Намангонин колунан бир тыйынсыз баарын эсен-аман бошотуп келдим…
2007 — жылы Кара-Суу шаарынын багында чоң курош берип жатканымда Баяман келип, соорундарын кошуп «Кара-Суулуктар, силер ажы аке менен сыймыктансанар болот! Ажы аке болбогондо канча кыргызстандыктар согушта курман болушун жана туткундагылар тируу калышын Аллах гана билет!» деп катуу суйлоп, мени кучактап, кечирим сурады. Ошондон кийин Баяман экообуз мурдагыдай эле ага-ини болуп журдук. 2005- жылы 21- сентябрь куну аны атып кетишкенде копчулук катары мен да кайгырдым…

Раатбек Саанатбаев менен болсо 2003 жылы таанышып калдык. Тунгуч Акыйкатчы катары аппаратты жаштардан тузом деп гезиттерге конкурс жарыялаган элем. Конкурстан ЖОЖдорду бутуруучулор отуп жумушун баштап калган учур эле. Раатбек кабинетиме кирип, отунучу учун кечирим сурап, иниси Бакыт физмаданият институтун бутургонун, бирок конкурска кеч калганын айтып баштады. Ото маданияттуу, сый-сыпай суйлогон жигит экен. Мен ага «Мамлекеттик кызмат орундарга конкурс аяктап калды, бирок техникалык жумушка алып турайын. Бошогон орунга конкурска катышсын» деп сунуш бердим.
Бакыт озун иштемчилдигин жана жогорку аткаруу жоопкерчилигин корсотту. Кийин конкурстан отуп Омбудсмен аппаратынын мыкты кызматкери катары озун корсото алды. Инисинен кабар алып келип жаткан Раатбекке анын мыкты иштеп жатканын белгилеп айтып берчуумун. 2006 -жылы 8 — январь куну Раатбекти атып кетишкенде инисин моралдык жактан колдон келишинче колдоп турдук…
Суроттогу ушул балбан жигиттердин жайлары Жаннаттан болсун, билип билбей жасаган куноолорун Аллах Озу кечирсин, жаткан жерлери жайлуу болсун деп дуа кылам…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here