Нарынбек мырза,  сиз бир маегигиңизде бюджетти толтура турган  бир каражат булагын айттыңыз эле. Ал тамадаларга салык төлөтүү маселеси болчу.  Жакында тамадаларга текшерүү жүрүп, бир катар тамадалар эч кандай патенти жок иштеп жүргөнү ачыкка чыкты. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Бул маселени сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеш көтөрүшү керек.  Салык мыйзамына  өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш эле киргизет да. Мен айтып жатканым ушул болчу. Өкмөт элге айлык, карыларга пенсияны көтөрө албай жатабыз деп ар кайсы шылтоону айтып келет. Мисалы,  токойчулардын айлыгынын аз алганы 2500 сом экен. Бул акчага кантип оокат кылат? Акча жок, акча жок дегенден, мен өкмөткө: “Силер иштебей жатасыңар, каражат булактарын жакшы таба албай жатасыңар, бюджетти толтурууга келгенде баягы эле байлар төлөсүн – деген дежур сөздөрдү айтасыңар.” – деп айткам. Мен  тамадалардан салык алууну сунуштагам. Бирок ырчыларды айткан эмесмин. Анткени ырчы концерт койсо, чыгымы абдан көп болот. Афиша, билет, реклама, залдын ижарасы, жардам бергендердин айлыгы ж.б. Ошондуктан мага ырчылар жөн эле нааразы болуп жатышат. Мен тамадалар жөнүндө айтып, алардын тапканын орто эсеп менен эсептеп бергем. Азыркы тамадалар бир тойдон 700-1000 долларга чейин алышат экен. Алды 1500 долларга чейин алгандар бар экен. Орто эсеп менен 500-700 доллар деп кой. Кыскасы, 200-300 доллардан кем сүйлөбөгөн тамадаларды мен көрө элекмин. Күнүгө  орто эсеп боюнча миң той болот экен. Ошондо булардын чөнтөгүнө 500 миңден 700 миңге долларга чейин акча түшүп атпайбы.  700 миң доллардан 10 эле пайызы 70 миң доллар. Муну сомго которсок, 4 млн. 700 миң сом. Бул күнүгө бюджетке түшө турган акчанын көлөмү. Эгерде бул сумманы бир жылга эсептесек, 1 миллиард 713 млн. сом болот экен. Бул эмне деген акча. Макул өйдө-ылдый болуп жатып, 1 миллиард эле толук түшүп турса, бюджеттин бир топ жыртыгы бүтөлмөк. Бизде жылына капиталдык курулушка 2 млрд. сомдун тегереги бөлүнөт. Бул акчага канча деген мектеп, ФАП, оорукана ж.б. курулат. Эми тамадалардан жылына бери жагы, аз көрсөткүч менен эсептегенде 1 млрд . сом толук түшүп турса, эмне пайда болмок. Салыкчылар мына ушул маселени эске алышы керек эле. Анткени тамадалар деле биз сыяктуу жарандар. Алардын деле балдары мектепте бекер окуйт, өздөрүнүн коопсуздугун милиция кайтарат. Кыскасы,  булар деле мамлекеттен көргөн пайданы булар деле көрүп жатат. Баягы күнкү текшерүүдө  бир айга 2000 сомдук патентти төлөбөй жаткандар ачыкка чыкты. Бул эми уят да. Бекеринен: “Карышкырдын түшүнө кой кирсе, тамаданын түшүнө той кирет” – деп айтылбаса керек. Менимче, бул нерсе эч кандай нааразычылыкты жаратпашы керек. Эл да туура колдоп жатат. Андыктан тамадалар дагы мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө өздөрүнүн салымын кошуш керек.

Сүрөтчүлөрдүн кирешеси боюнча да ар кандай кептер айтылууда… Бул тууралуу сиздин пикирди уксак…

-Сүрөтчүлөрдү эми өзүңөр жакшы билесиңер. Алардын бизнеси дагы абдан кирешелүү болуп эсептелет. Жакшы ресторандар  бизде көп да.  Бир топ сүрөтчүлөр мыкты, чоң ресторандар менен сүйлөшүп алышат экен. Алар ресторан ээлерине жылына 50 миң доллар төлөп берет экен да, жыл бою ошол ресторандардагы тойлордун баарын өздөрү жалгыз тартышат. Башка сүрөтчүлөрдү жолотушпайт. Анткени ортодо келишим бар да. Эми эсептей бергиле. Тойго эң эле аз келгенде 250-300 киши келет. Бир сүрөт арзан болгондо 100 сом. Сыртына жылтырак каптап, көлөмүн чоңойтуп, 300 сомго чейин дагы сатышат. Тойго келгендердин дээрлик баардыгы жок дегенде бирден сүрөт, алды 3-4 сүрөт алышат. Ошондо алар 1 тойдон 30-40 миң сом бери жагын табышат. Анан бир айда 1 миллион сом. Демек, 12 айда 12 миллион сом. Бул орточо эсеп. Сүрөтчүлөрдүн салык төлөгөнүн уктуңар беле? Төлөшпөйт. Буларда деле тиешелүү салыкты алса, миллиондорду табышмак. Эми ушул эки нерсе, тамада жана сүрөтчүлөргө окшоп, көмүскө да, ачык да миллиондорду тап жаткандар аз эмес, көп. Ошолордун баарын иликтөөгө алып, бюджетти бир нече эсеге көбөйтсө болот. Эч ким жакшы иштебей жатышат. Жалгыз эле Кум-төрдү карап олтура берген жакшы эмес да.

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here