Башкы прокуратура мугалимдерден акча топтогон мектеп директоруна кылмыш иши козголгонун кабарлады. Маалыматта Ысык-Ата районунундагы бир мектептин директору бухгалтер менен биргеликте мугалимдерден 500 сомдон топтогон. Директор топтолгон 21 миң сом мектепти текшерип келген аудиторлорго берилээрин айткан. Ата-энелер мектептин ремонтуна деп  топтошкон акчанын бир бөлүгүн өз пайдасына жумшаган. Директорго 304 беренеси (кызмат абалына кыянаттык) менен иш козголду. Ырасында мындай көрүнүш арбын. Башкаларга дагы сабак болуш үчүн татыктуу жазасын бериш керек.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here