Интернетке тараган тасмадан улам кылтакка илинген  Канат Исаевдин баш коргоо чарасы эки күн мурун  Аскердик сотто  каралып, жыйынтыгында  сот аны 30-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Исаевди бошотуу талабы менен 200дөй адам сот имаратынынын алдына топтолду. Алардын арасында Бабановдун партиясынын бир катар депутаттары да жүрүштү. Ал ортодо Канат Исаевдин бир тууган агасы генерал Талант Исаев ИИМге караштуу адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчылыгынан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Ал мындай чечимин инисине козголгон оор кылмыштар менен байланыштырып, бул кызматта турууга моралдык укугу жок экени менен түшүндүргөн. Мунусу жакшы деңизчи. Бирок бир тууган Исаевдер шылуундугу ашынган Бабановдун ыплас саясатынын курмандыгына чалынып, бири абакка кетип, бири кызматсыз калды.

Булак:Багыт Кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here