Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз элине, кыргыз улутуна эмес, биздин мамлекеттеги саны көбүрөөк улуттарга таянып, алрдын сөзүн сүйлөп, айтканын аткара турганы айдан ачык болуп калды. Буга анын Он-Адырдагы өзбек улутундагылардын канын козутуп, согушка чакырып жаткансып сүйлөгөн бузуку сөзү анык далил. Бабановдун ал кылыгына коомчулук нааразы болуп, жер-жерлерде митингге чыгып жатышат. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бирок Бабанов өзбектерге ашыкча жан тартканын токтоткон жок. Токтотмок турсун, кайра күчөтүп, кыргыз элинин кыжырына ого бетер тийип жатканы байкалууда. Буга анын береги сүрөттөгү өзбек тилиндеги гезитти көп нуска менен чыгарып, өзбектерге массалык түрдө таратып жатканын далил болуп бере алат. Белгилүү болгондой Бабановдон башка негизги талапкерлер Темир Сариев, Сооронбай Жээнбековдор деле өзбектер үчүн мындай артыкчылыкка басым жасашкан жок. Көрсө, Бабанов дегениң мансапка жетиш үчүн шайтан менен деле дос болуп, шайтан үчүн деле өзүнчө бир гезит чыгарып берет окшобойбу. Ушундай кыргызга күйбөгөн ата минерлердин бийлик башына келишинен Кудайым өзү сактасын дейли…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here