Өзүн эчак Президент сезип алган Өмүрбек Бабанов сөз жок экен. Бети болсо эчак эле жок болуптур. Учурда Бабановду жек көрүп, ага катуу сын жазбаган бир да ЖМК калбады окшойт. Кызыгы, Бабановчулар анын баарын кара пиар катары кабылдашып, дагы да болсо элге актануу менен алек. Сындын баары кара пиар болуп кетсе, анда чындык кайда калат? БӨТтүн өзбектерге барып, Кадыржан Батыровдун  2010-жылы сүйлөгөн сөзүн кайталап сүйлөгөнү чындык. Бул боюнча ошондон бери айма-аймактарда Бабановго нааразы болгон эл тынчтык митингин өткөрүшүп, аны жоопко тартууну талап кылуушуда. Андан тышкары, “Азия молл” соода түйүнү боюнча да былыктары чыкты калкып. Көрсө бул кургур ошол соода имаратынын архитектуралык планын чийип берген адистердин акчасын эмгиче бере элек экен. Ошондой эле соода орундарын башында арзан берип, сатуучуларды толтуруп алган соң, ижара акыларын эки эсе кымбаттатып салыптыр. Бул эле эмес, айрым ЖМКлар Бабановдун шайлоочулардын добушун сатып алууга жалпысынан 8 млрд. сом чачып жатканын жазышты. Кыскасы, ушундай мисалдарды айтып, жаза берсе оголе көп. Бүгүнкү күндө БШКга Бабановдун үсүтүнөн арыздангандардын саны 10го жетиптир. Демек, БӨТтү талапкерликтен алып салууга далил жетмек, турсун ашып кетиптир.

Булак: Багыт кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here