Өмүрбек Бабановго тиешелүү НТС телеканалы Алимов Дурбек аттуу Ош шаарынын тургунунун кимдир-бирөөлөрдөн токмок жегени тууралуу көрсөтүүнү кайра-кайра кайталап көрсөттү. Анда Алимов аны кимдир-бирөөлөр «Бабановду жамандап бересиң, 25 миллион сом берген деп айтасың деп коркутуп, ур-токмокко алды» деп божурап берген.

Мына ушул видеосюжетти аталган телеканалдын журналисти оппозициячыл саясатчы К. Кожоналиев менен да талкуулап, «Муну бийликтин талапкери жасаган болсо, аны шайлоодон четтетип коюуга болобу?» деген маанайдагы суроолорду улам кайталап атканын да уктук.

Бул окуяга баа берерден мурун, Алимов Дурбек өзү ким экендигине кыскача токтолуп алалы. Бул жаран учурдагы элүү жаштын кырында. Ош шаарынын тургуну. Ош шаарынын Ош көчөсү №18/40 дарегинде катталганы менен, ал жакта жашабайт. Ал бейрасмий түрдө Кыргызстандагы өзбектердин лидери болуп жүргөн, 2003-жылы буйрутма өлүмдүн натыйжасында каза тапкан ири ишкер Алимжанов Айбектин бир тууган иниси.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда Алимов Дурбектин тууганы 29 жаштагы Алимжанов Фархад Өмүрбек Бабанов менен түз ишенимдүү мамиле куруп алган. Ош шаарындагы таасирдүү жана бай үй-үбүлө болуп саналган Алимжановдордун үй-бүлөсү бүгүнкү күндө Ө. Бабановдун талапкерлигин үгүт иштери башталгандан бери активдүү колдоп келишет.

Андыктан «мени токмоктоп кетишти» деп Бабановго тиешелүү телеканалга даттанган Алимов Дурбектин бул окуясы да ар тараптуу иликтене турган маселе болуп калды. Ал НТС телеканалына даттанганы менен Ош шаарынын жана Ош облусунун укук коргоо органдарына да, медициналык мекемелерине да арыз менен кайрылган эмес. Бул эмнени түшүндүрөт? Эгерде ал чындап эле (жасалмасыз) токмок жеген болсо, НТСке даттанбай, укук коргоо органдарына кайрылып, медициналык экспертизадан өтүп койбойт беле?

Же муну да Бабанов ири суммадагы акча көндүрүп, өзүнүн адамдары аркылуу денесин көгала кылдыртып, анан «мына бийликтин жүзү» деп провокация кылгысы келип атабы?https://zanoza.media

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here