Чагылган: Чоочубаңыз. Бул окуя Кыргызстанда эмес, бирок коррупция жагынан Кыргызстандан ашса ашып, эч кандай кем калбаган кошуна өлкө Тажикстанда болгон. Бул мамлекеттин Коррупцияга каршы агенттигин Экономика министрлигинин аймактарды өнүктүрүү жана инвестицияларды программалоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Нурализода  490 миң доллар пара алып жаткан жеринен кылтакка илинген.

Анын үйүн тинткенде дагы 10 миң доллар табылган. Ошондой эле бул атка минер ишкерден аялы үчүн борбордон бир батир алып берүүнү талап кылган. Жалпысынан ал 1 млн. доллар пара сураган. Эгер ал ишкер бул сумманы толук берсе, анда  Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районундагы канаттуулар чарбасын мамлекеттик инвестициялар программасына киргизип берүүнү  убада кылган.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here