Чагылган: Англиянын 29- жаштагы Шинейд Коннет аттуу жараны мөөнөтүнөн мурун төрөп туруп, ымыркайды санузелдеги канализациянын ичине катып коюп, эч кимге айтпай жүрө берген. 3 жылдан кийин суу түтүктөрүн оңдогон жумушчулар кокустан ал ымыркайды таап алышкан. Сотто «күкүк эне»:  боюнда болуп, анын айынан жумушун жоготуп алуудан корккондуктан жасаганын айткан. Ал 7 ай бою боюнда бар экенин ата-энесине, досторуна, күйөөсүнө да айткан эмес. 7 айда төрөгөн баласы ичтен өлүп калганы айтылат. Ал өлүү ымыркайды машинесине катып келип, ата -энесинин үйүндөгү санузелдин канализациясына катып койгон. Алгач ал ымыркайды «меники эмес» деп так түйүлүп, танган. Бирок ДНКнын жыйынтыгы менен ымыркай өзүнө таандык  аныкталган жана анын атасы күйөөсү Майкл Лейфилден экени аныкталган. Бирок ал бул жагын да бурмалап: «Мени таксист зордуктап салган, бала ошондон болуш керек» -деп жөө жомокту негизги жүйөө катары бетине кармаган. Сот анын баланы тирүү төрөп туруп өлтүрүп салганын же чын эле өлүү төрөгөнү аныктай албаганын билдирген. Жыйынтыгында «күкүк энени» 1 гана жыл эркинен ажыраткан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here