Шайлообек агай, жазмакер катары Каныбек Иманалиевди жакшы билесиз. Криминалдар сүйлөшкөндө анын ысымын атап жатышпайбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

-Каныбек Иманалиевди мен жакшы эле билем. Көптөн бери таанышмын. Криминалдар менен канчалык байланышы бар экенин эч биле албайм. Ал тууралуу кабарым жок. Бирок башынан анын саясатка аралашканын эч жактырган эмесмин. Мен буга чейин да айткам, Иманалиевдин жазуучулугун, акындыгын, жалпы эле жазмакерлигин колдойм. Бирок саясатка аралашканын колдобойм. Талантты кор кылбай, жазуучу, акындык жагын күчөтүп жүрө берсе, элге ошол жагы менен көбүрөөк пайда келтирет эле деген ойдомун.

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here